Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

ФРАНЦУЗ МУСУЛМАНДАРЫ МЕНЕН ӨКМӨТ МУНАСА ТҮЗҮШТҮ


Францияда мусулмандар жалпы калктын жети процентине чамаалап барат. Антитеррордук кампаниялар башталгандан бери алар бийликтердин, француз коомчулугунун чочулоосун күчөттү. Диний араздашууга жол бербөө максатында жакында мусулман адыйлары менен француз өкмөтү өз ара мунасага келип, улуттук кеңеш түзүүнү чечишти.

Акыркы бир жылдын аралыгында эле франциялык мусулмандар арасынан 25тей адам кармалып, камалды. Алардын баары террорист деп айыпталды. Жакында эле полиция Париждин чет жакаларында масштабдуу операция өткөрүп, дагы тогуздай кишини камады. Рейд маалында белгилүү мусулман динаятчысы, имам Челлели Бенчеллелинин кичүү уулун да кармалып кетти. Имамдын чоң уулу болсо былтыр Ооганстанда туткунга алынып, ушу тапта Гуантанамодогу аскер базасында түрмөдө отурат.

Коопсуздук органдарынын антитеррордук операциялары француз коомунда антиисламчыл маанайды да копшоп, козголтуп койду. Күчаласы ашынган айрым маалымат каражаттары мусулман калкына көзүнүн кырын салып, ачкыл-кычкыл сөздөрүн аянбай калышты. Бул өз кезегинде ислам динин тутунган франциялыктардын арына тийип, алардын нааразылыгын пайда кылды. Париждеги маданий жана ибаадат борборунун жетекчиси Фуад Иммарин, мисалы, мечиттерге намазга жыгылганы келген диндарлар, айрыкча мусулман жаштары арасында экстремисттик, атүгүл фундаменталисттик апаздагы кеп-сөздөр көп айтыла баштаганына кабатырланат. Жайчылык маалда мусулман жаштары тууралуу дегеле сөз болбойт, деп белгилейт Иммарин. Алар жөнүндө качан гана коомдо терроризмге байланыштуу апаталаң-тапалаң чыкканда гана жабыла сөз кылып жатып калышат. Болгондо да көпчүлүк апаздар: “Сак болгула! Исламга табынып, исламга ыкыласын берип жаткан бу жаштар эртең француз коомуна чоң коркунуч келтириши мүмкүн!”- дегендей мааниде айтылат.

Иммарин француз коомунда диний маанидеги аразга коопсуздук мекемелери менен полициянын кээде адисинен ашынган айрым калпыс аракеттери тамызгы таштап коюп жатканын да жашырбады. Өткөндө эле бир өспүрүм баланы кармап кетишкен болчу, деп эскерет Иммарин. Көрсө, террорист деп камалгандардын биринен анын телефон номуру табылган экен. Ушуга эле шектенип, борбую ката элек боз баланы эки аптадай кармап турушту. Бечера бала абдан коркуп калса керек, маңы түшүп, маанайы чөгүп калыптыр. Анын үстүнө ата-энеси да андан күмөн санай башташты. Айыбы табылбай, акыры аны кое беришти. Эми бу баланын француз коомуна, айрыкча бийликтерге ачуусу келбегенде, ыраазы болмок беле? Бул бир гана мүнөздүү мисал, айта берсе мындай фактылар толуп жатат, деп айтты Иммарин.

Париждеги коомдук илимдер мектебинин директору Фархуд Хосрохавар мындай абалдын бир себебин француз коомунда баштатан эле калыптанган секулярдык катаң салт-санаадан көрөт. Мусулмандар турсун жалпы эле диний уюшмалардын, чиркөөлөрдүн ишине француздар өтө кылдат көз салганга көнүшкөн. Өлкөдө ар түрдүү диндердин жана маданияттардын өкүлдөрү көп, алардын арасында өз ара түшүнүү жетишпейт. Францияда азыр бир кезде Түндүк Африкадан келген биринчи мигранттардын укум-тукуму беш миллиондон ашып калды. Мусулмандар жалпы калктын жети процентине жакындап барат. Проблеманын баары күмөн-күдүктүн күчөгөнүндө турат, дейт Хосрохавар. Француздардын көбү азыр мусулмандардан чочулап калышты. Алар француз коомунун жашоо жолоюна жатыгып, ага коошуп кетеби же мусулманчылыктын катаң салт-санаасына түшүп, терроризмге ооп кетеби деп кооптонушат.

Коомдогу мындай жараканы күчөтпөй, кайра аны данакерлөө максатында өткөн жылдын декабрында ички иштер министри Николас Саркозунун демилгеси боюнча ислам лидерлери менен француз өкмөтү мусулмандардын улуттук кеңешин түзүүнү макулдашкан эле. Аталган кеңештин жардамы менен өкмөт өлкөдөгү беш миллиондон ашуун мусулмандар менен тил тапканга, аларды француз коомуна активдүү интеграциялаганга ниет кылып жатат. Францияда ушундай эле маанидеги уюмдар, атап айтканда, жөөттөрдүн, католиктер менен протестанттардын улуттук масштабдагы кеңештери иштейт.
XS
SM
MD
LG