Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Россияны кыдырып жүрөт


8-февралдан бери Россиянын бир катар аймактарын кыдырып жүргөн Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы 11-февралда Кемерево областына барды. Мындай маалыматты ушул күнү Россиянын Регионс. ру агенттиги таратты. Тутумуна Кыргызстандын тышкы иштер, эмгек жана социалдык коргоо жана ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү кирген делегация буга чейин Россиянын Сибирь аймактарында болуп, Кыргызстандын Россияда иштеп жана жашап жаткан жарандары арасында паспорт виза, чет өлкөлүк жарандардын укук –милдеттери тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Андан тышкары делегация Россияда иштеген кыргыз жарандарынын так санын билип, ал-абалдары менен таанышуу максатын көздөөдө. Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы өлкөгө ушул айдын 20-сында кайтып келет.

XS
SM
MD
LG