Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын карайт


12-15-февралда Страсбург шаарында Европарламент Борбор Азия мамлекеттериндеги, анын ичинде Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу жыйын өткөрөт. Ага Кыргызстандын расмий бийлигинен Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, Биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов жана Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов катышат. Жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы, демократия жараяндарынын абалы талкууга алынмакчы жана бул маселе боюнча Европа парламентарийлеринин алдында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов сөз сүйлөйт. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Вена шаарында жайгашкан Австрия, Чехия, Венгрия жана Словакиядагы элчилигинен маалымдашты. Ал эми оппозиция өкүлдөрүнөн Страсбургдагы жыйынга Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров, Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев, «Республика» партиясынын өкүлү Гияз Токомбаев катышмакчы.

XS
SM
MD
LG