Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Талас облусунда Дүйнөлүк банктын «Таза суу» долбоору ишке киргизилди


Таза суу менен камсыздандыруу департаментинин Талас облустук бөлүмүнөн 12-февраль күнү алынган маалыматка караганда, 2003-жылы бул долбоордун экинчи баскычына өрөөн боюнча 27 айыл киргизилди. Бул күндөрү аталган айылдарда сууну пайдалануучулардын жамааттары түзүлүп, алардын ичинен 4 жамаат юстиция башкармалыгынын каттоосунан өттү. Долбоордун «Тандалма» деп аталган биринчи бөлүгүнө Талас өрөөнүндөгү 10 айыл киргизилип, алардын жалпы сметалык долбоору 16 млн. сомдон ашуун сумманы түзгөн. Долбоорду Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги Улуу Британиянын Эларалык өнүктүрүү министрлигинин көмөгүнө таянып Нарын, Ысыккөл, Талас облустарында ишке ашырууда.

XS
SM
MD
LG