Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Жазгы талаа жумуштарына керектүү күйүүчү май жетиштүү өлчөмдө даяр боло элек


БИШКЕК. Учурда өлкө боюнча жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү майдын кору толук даяр боло элек. Бул тууралуу бейшемби күнкү өкмөттүн жыйынында республиканын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк маалымдады. Анын айтымында, буга чейин талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү, майлоочу майдын 19%, бензиндин 30% гана даярдалды. Ал эми тракторлордун 67%, соконун 68% ремонттон өткөрүлдү. Ошондой эле министрдин маалыматына караганда республика боюнча 36 миң тонна буудайдын, 11 миң тонна арпанын үрөнү керектеле турган болсо, бүгүнкү күнү буудайдын үрөнүнүн 30 миң тоннасы, ал эми арпанын үрөнүнүн 11 миң тоннасы даярдалды. «Учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн башка түрлөрүнүн үрөнү 100% даяр болду», деп кошумчалады Александр Костюк.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG