Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЧЕК АРА ЖАНА БАЖЫ БЕКЕТТЕРИНДЕ БИР ТОП КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА КИРИПТЕР БОЛУУДА


Ырысбай Абдраимов, Ош Өзбекстанга дагы эле ишенүү менен караган кыргыз жарандары баштагыдай эле ал өлкөнүн кызматтарынын мыйзам бузууларына кириптер болууда. Тескерисинче, чек аранын жабылышы менен Жалалабаддан Ош облусуна мурда жабылган автоунаа каттамдары ачылды.

Өзбекстан Республикасы мамлекеттик чек арасын биротоло жаап салгандан кийин кошуна өлкөнүн аймагы аркылуу Кыргызстандын шаар-кыштактарына каттоочу жүргүнчүлөр жана жумушсуздуктун айынан Карасуу, Ош, Наманган, Анжиян шаарларынан буюм-тайым ташып, соода-сатык жасагандар үчүн түйшүк көбөйдү. Өзбекстанда чоңоюп, кыргызстандык жигиттерге турмушка чыккан кыз-келиндер, алардын үй-бүлөсү, жакындары өлгөндө, же Орозо, Курман айт майрамдарынын шылтоосу менен гана өтчү болушту. Кошуна мамлекеттин катаал тартиби менен жумушу жок карапайым адамдар «Баатыр эне» Айдарова Ыкыбал сыяктуу кыйла машакат тартышат.

Карасуу районундагы туугандарынан кабар алып, Ноокен районуна келаткан Айдарованын документтерине Өзбекстандын аймагында бул өлкөнүн кызматтары көңүл бурушкан да эмес. 5 саат адашып жүрүп, Шааркансай дарыясынан өткөрүп, жол көрсөткөнгө акча төлөгөн. Кошуна өлкөдө кыйла азап тарткан «Баатыр эне» өз мекендештерин кыйналса да, кыргыз жолу менен жүрүүгө чакырды.

- Оштон келе жатып, Карасуу бажы бекетинен өткөндөн кийин жол таппай, кыйналдым. Көпүрө жана менчик жери аркылуу өткөнүм үчүн анын ээлерине 40 сом төлөдүм, ал акча балдарымдын башы-көзүнөн садага кетсин! Акчабыз көп жумшалып, убара тартсак деле, өзүбүздүн жолубуз менен каттайлычы, айланайын, кыргыздарым!- деди Айдарова.

Өзбекстан өз чек арасын жаап, совет доорунда курулган Шааркансай дарыясындагы көпүрөнүн бузулушуна облустун тургундары нааразылык билдиришкенде, губернатор Жусупбек Шарипов жарандарды ар бир өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого жана Ташкендин саясатын чет мамлекеттердикиндей кабыл алууга чакырган.

Коңшу өлкөнүн чек арасынын жабылышы менен Жалалабад облусунда мурда тыйылып калган Жалалабад-Өзгөн, Карасуу-Ош жана Ош–Токтогул унаа каттамдары кайра ачылды. Облустук унаабекет ишканасынын маалыматында автовокзалдан Ош облусуна күн сайын 13-14 каттам, Жалалабад шаарынын базар жанынан жүрүүчү 15 каттам жаңы ачылды.

- 18 орундуу «Газель» маркасындагы жеңил унаалар каттоодо. Кассадан мурдагыдай билет алып, Ош шаарына тоскоолдук–текшерүүсү, кордоо-шылдыңы жок Өзгөн шаары аркылуу эки саатта жетип алса болот. Жол акы өзбек кызматчыларынын чөнтөгүнө түшпөй, өз өлкөбүздө калып, Кыргызстандын керегине жумшалат, - дейт автовокзалдын диспетчери Эшенкул Ташматов.

Өзбекстанга убактылуу каттаган жалалабаддыктардын бардыгы эле виза ачуу, же буюм-тайым, болбосо чөнтөгүндөгү акчасы жөнүндө декларация толтурууга чыгына беришпейт. Кошуна өлкөгө бат-бат барып-келген адамдар өзбек бажы, чек ара кызматчыларынын түрдүү мыйзам бузууларына күбө болушканы менен жыйынтык чыгаарына ишенишпегендиктен ал жөнүндө кыргыз бийлигине даттанышканы чанда. «Аты-жөнүбүздү өзбек кызматчылары эстеп калышса, кийин барганыбызда өткөрбөй коюшат» деп чоочулашат.

Өзбекстандан эки күн мурда болуп кайткан Светлана да өзү иштеген бейөкмөт уюмдун аты-жөнүн атабоону, акча берүүгө мажбур болгондугун айтпоону өтүндү.

- Мен Өзбекстандагы өнөктөштөр менен жолугушууга баратып, Советабад (Ханабад) бажысынын кызматчыларына ишимди түшүндүрүүгө туура келди. Жол буюртмам, документтерим туура толтурулса да, ар кандай шылтоолорду айтышып, мени жакындатпай, башкаларды «Курман айт майрамына байланыштуу тууган-уругуна баратышат» дешип, виза менен декларациясы жок эле өткөрүп жатышты, - дейт Светлана. - Мени өткөрбөгөн себебин сурасам, «биз жакта карантин, ошондуктан эч кимди киргизбейбиз» дешип, кандай «карантин» экендигин ачык айталышпады… Мен бир күндөн кийин кайра Кыргызстанга келишим керек экендигин айттым. Эки сааттай жалдырап атып, аларды зорго көндүрдүм. Өзбекстанга өтүп баратканымда алар «биз го сага уруксат бердик, мындан ары сага кыйын болот» деп эскертишти. Чын эле беттеген жагыма жеткиче 5 жолу текшерүүгө кабылдым.

Ал эми Чаткал районунан облустун борборуна келген Эрежепова Гүлмира Алабука районунан ал жашаган Терексай шаарчасындагы жолго тоо ташы урап түшөөрүн, техникалар эски, Кыргызстандын жолу менен жүрүү өтө тажатма экендигин айтат.

- Кыргыз мамлекети жолго көбүрөөк көңүл бурса. Азыр Өзбекстан менен чектешкен Аксы районундагы жолго шагыл төшөлүүдө. Жолду асфальттап койсо, жакшы эле, - дейт ал.

Аксы районунун акими Абдымалик Эгембердиев Өзбекстандын бажы, чек ара бекеттеринин кириш-чыгиш жактарына шагыл төктүрүлгөндүгүн ырастады. Өзбекстандын Чартак райондук ички иштер бөлүм башчысы шагылдарды сүрүп салууну акимден өтүнгөн. Абдымалик Эгембердиев кошуна мамлекет чек ара жолдорун ачканда гана шагыл алынаарын билдирген. Райондо Кербен кыштагына чейинки кыргыз жолдору ремонттолууда.

XS
SM
MD
LG