Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Өкмөт башчысы Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен жолугушту


БИШКЕК. 13-февралда премьер-министр Николай Танаев Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү болуп ушул жыл башынан тарта иштей баштаган Жеймс Кристофер Лавлэйс менен жолугушту. Жолугушуу учурунда банктын Кыргызстандагы долбоорлорунун ишке ашырылышы жана мындан аркы кызматташтык тууралуу сөз жүрдү. Николай Танаев жаңы өкүлгө ийгилик каалап, кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк Банк менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди. Жеймс Кристофер Лавлэйс туруктуу өкүлдүк кызмат менен бирге банктын Борбор Азия мамлекеттери боюнча адамды өнүктүрүү секторунун башкы менеджери да болуп иштейт. Ал буга чейин Дүйнөлүк Банктын адамды өнүктүрүү системасынын калктар жана жакшы тамактануу боюнча директору, Европа жана Борбор Азия региондору боюнча адамды өнүктүрүү боюнча директору жана жакшы тамактануу, калктар секторунун менеджери болуп иштеген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG