Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

БУУнун Коопсуздук Кеңеши алдындагы докладында Бликс Иракта массалык кыргын салчу курал табылбаганын, бирок Багдад тийиштүү түрдө кызматташпаганын билдирди


Курал-жарак боюнча эл аралык инспекция башчылары Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча доклад жасап башташты. Алгач сөз алган Ханс Бликс Иракта 11 жума иштеген инспекторлор массалык кыргын салчу курал таппаганын билдирип, бирок Багдад курал-жарак инспекторлору менен толук кандуу кызматташпаганын кошумчалады. "Башкы проблема – Ирак буга чейин өндүргөн кооптуу курал, күйдүргүнүн улпагы жана уулуу газдарды жок кылганын ишеничтүү далилдей албаганында", - деди БУУнун башкы инспектору. Андан сырткары Ханс Бликс абройлуу эксперттердин пикирине таянып, Ирактын колунда 150 чакырымдан ашуун алыстыкты мелжей алчу баллистикалык ракеталар бар деп маалымдады. О.э. учурда ал өткөн аптада Ирактын расмий өкүлдөрү менен болгон жолугушуу ачык жана пайдалуу болгонун белгиледи. Бликстен кийин МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед ал-Барадейи доклад жасайт. Бүгүнкү докладдардан кийин Коопсуздук Кеңеши Саддам Хусейндин режимине каршы күч колдонуу жөнүндө резолюция кабыл алышы мүмкүн. Бирок, Кеңешке туруктуу мүчө-өлкөлөр - Орусиянын тышкы иштер министри азырынча Ирак боюнча жаңы резолюциянын эч зарылдыгы жок десе, Кытайдын башкы дипломаты дүйнө лидерлерин Ирак согушуна каршы күч үрөөгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG