Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Британияда тамекиге тиешелүү рекламаларга тыюу салынды


Бүгүндөн тарта Британиянын эч жеринде тамеки рекламасын учурата албайсыз, анткени бул өлкөдө тамеки жарнамасына тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам тамеки тартуунун кесепетинен келип чыкчу ооруларды, ал эмес адамдардын өлүмүнө алып келчү дарттарды азайтууга багытталган. Өткөн жылы британ парламенти жактырган мыйзам боюнча, тамеки тууралуу рекламаны маалымат каражаттарынан, көчөдөн, ал эмес Интернет аркылуу таратууга тыюу салынды. Британия өкмөтү мыйзам жылына 32 млн долларлык киреше алып келген тамеки өндүрүшүн кыскартып ийбейт, бирок жаштар арасында тамеки тарткандарды азайта алат деп ишенет.

XS
SM
MD
LG