Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Каирде Араб Лигасынын тышкы иштер министрлери чогулушту


Араб Лигасына мүчө 22 мамлекеттин тышкы иштер министрлери бүгүн Каирде чогулуп, Ирак кризисин талкуулашты. Ага келген Ирактын тышкы иштер министри Наджи Сабри Араб Лигасынын башкы катчысы Амр Мусса менен жолугуп, Иракта согушту болтурбоонун жолдорун масилеттешти. Министрлер Египеттин президенти Хосни Мубарактын февралдын этегинде Багдадда Араб Лигасынын кезексиз саммитин өткөрүү жөнүндөгү чакырыгына карата пикирлерин билдирип, бир чечимге келиши керек. Мубарак араб өлкөлөрүнүн лидерлерин Ирак боюнча бирдиктүү позицияда туруп, чатакты тынч жол менен чечүүгө салым кошууга үндөгөн. Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафи дароо эле Ирактагы саммитке барбаарын айтты. "Багдаддагы саммит – араб лидерлеринин абийирин сактап кала албайт, анткени алар АКШга каршы туруштук бере албаары ансыз да белгилүү", - деп билдирди Каддафи.

XS
SM
MD
LG