Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Ушул аптадагы бомбалоодон Ооганстанда бир бала жараат алган


Ооганстандагы АКШ аскерлеринин жетекчилиги ушул аптада өлкөнүн тоолуу аймактарында жашырынган талиб согушкерлерин бомбалоодон бир гана 8 жаштагы өспүрүм бала жараат алганын такташты. Полковник Роджер Кингдин айтымында, жараат алган баланын атасы уулун Кандагардагы АКШнын аскерий базасына алып келип, дарылатууда. Бирок, ал бала атасы талиб согушкерлеринин катарында антитеррордук коалицияга каршы согушканын айтып бергендиктен, анын атасы эми суракка алынууда. Кабулдан келген өкмөттүк делегация жергиликтүү бийликтегилердин АКШнын бомбалоосунан 17 карапайым ооган курман болду деген маалыматын иликтеп жатат. Полковник Кинг ал күнкү рейд учурунда белгисиз сандагы ооган козголоңчулары набыт болгонун кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG