Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

КУМТӨР КЕНИ КАНАДАНЫН «КАМЕКО» КОМПАНИЯСЫНЫН МЕНЧИГИНЕ ӨТМӨКЧҮ


Өткөн жылдын сентябрь айында Канаданын «Камеко» компаниясы Кумтөр алтын кенин баш–оту менен өз менчигине биротоло өткөрүп алуу суранычы менен Кыргызстандын бийлигине кайрылган болчу. Ага ылайык Кыргызстандан Кумтөр алтын кенинин үчтөн эки бөлүгүнө ээлик кылуу укугун тастыктаган акцияларды «Камеко» компаниясы сатып алууну көздөп жатат. «Камеко» компаниясынын өтүнүчүн карап көрүү максатында түзүлгөн өкмөттүк комиссия канадалыктардын мындай сунушун негизинен туура көрүүдө.

«Камеко» компаниясы Кумтөр кенинин экиден үч бөлүгүнө ээлик кылуу укугун берген Кыргызстандын акцияларын сатып алуу сунушу менен 2002-жылдын сентябрь айында кыргыз бийлигине кайрылган болчу. Канадалыктардын бул өтүнүчүн карап көрүү максатында түзүлгөн, финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев башында турган өкмөттүк комиссия «Камеконун» мындай сунушун негизинен туура көрүүдө. Мындай маалымат 14-февралда «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун вице-президенти Дилгир Жапаровдон алынды.

- Өкмөттүн 2003-жылдын 7-февралындагы токтомунда канадалыктардын сунушу менен так бир цифрага токтолбостон туруп, негизинен макул болуу тууралуу айтылган. Мындан биз кандай деген жыйынтык чыгарсак болот? Биз өкмөттүн аталган токтомунун негизинде канадалыктар сунуш кылган жол менен Кумтөрдү реструктризациялоого принцибинде макулбуз. Тагыраак айтканда, макулдугубузду берип жатканыбыз менен, биз «Камеко» учурда сунуш кылган конкреттүү суммалар менен макул эместигибизди айтып жатабыз, - деди Дилгир Жапаров.

Анын сөзүнө караганда, канадалыктар Кумтөр кенинин үчтөн эки бөлүгүнө ээлик кылуу укугун берген акциялардын ордуна Кыргызстанга ар бир акция үчүн акча төлөп берүүгө даяр.

- «Камеко» компаниясынын сунушу мындай. Өзүңүздөр билесиздер, «Кумтөр голд компани» акционердик коомунун акцияларынын үчтөн эки бөлүгү Кыргызстандын, ал эми үчтөн бир бөлүгү канадалыктардын менчигинде. Алар «өзүңөргө тиешелүү үчтөн эки бөлүгүн бизге өткөрүп бергиле, анын ордуна акча төлөп беребиз» деп жатышат. Канча акча төлөп берүү тууралуу маселеде бир пикирге келе элекпиз, - дейт «Кыргызалтындын» вице-президенти.

Ошентсе да канадалыктардын сунушунун айрым өңүттөрү ачыкка чыкты. Алсак, «Камеко» 2004-жылдан тартып дивиденд катары ар бир акция үчүн 8 миллион доллардан төлөп берүүгө даяр.

- 2002-жылга ар бир акция үчүн 4 миллион доллардан, ал эми 2003-2008-жылдар үчүн 8 миллион доллардан төлөп беребиз дешүүдө. Ошондой эле, эми Кыргызстандын Салык кодексине ылайык алар төлөөгө милдетүү болгон бардык салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү казынага түшүрүп туруу милдетин алышууда, - дейт Дилгир Жапаров.

Кыргызстандын өкмөттүк комиссиясы канадалыктардын мындай сунуштарын көз карандысыз эксперттик топ да карап көрүп, өз пикирин билдирсин деген да жыйынтыкка келишкен.

Кумтөр кени - дүйнөдөгү ири он кендин бири. Ар кандай изилдөөлөргө караганда, анда 500дөн 1000 тоннага чейин алтын бар. Канаданын «Камеко» компаниясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда 1992-жылы кол коюлган Башкы келишимге ылайык Кумтөр кенине ээлик кылган «Кумтөр голд компани» акционердик коому түзүлгөн. Анын акцияларынын үчтөн бир бөлүгү «Камеко» компаниясынын, ал эми үчтөн эки бөлүгү Кыргызстан өкмөтүнүн менчигинде.

Кыргызстан өкмөтүнүн Кумтөрдөгү өз менчигин канадалыктарга ушундай жол менен өткөрүп берип жатканына каршы пикир айткандар да бар. Тажрыйбалуу адис, Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Дүйшеев «Кыргызстан бийлиги канадалыктар менен жең ичинен сүйлөшүп алды, бул республикага зыян гана алып келет» деген пикирде.

- Менин оюмча бул жең ичинен, бирөөлөрдүн пайдасын көздөп түзүлгөн макулдашуу болуп жатат. Ал Кыргызстанга зыян гана алып келет. Кен ылгоочу комбинат долбоордо каралган өлчөмдөгүдөн 170 миллион долларга кымбат курулду. Бул бир. Экинчиден, алтындын 50% жакыны гана ачык жол менен алынат, кендин калган бөлүгү жер астынан казылат. Чалгындоо иштери көрсөткөндөй, Кумтөрдөн дагы көп баалуу заттар чыгышы ыктымал, - дейт Орозбек Дүйшеев.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан Кумтөрдөн деле жыргап пайда көрө элек. Долбоорго ылайык республикага кенден алынган таза кирешенин эсебинен 400 миллион доллар түшүш керек болчу, салыктардын эсебинен дагы 400 миллион доллар мамлекеттик казынаны толуктамак. Орозбек Дүйшеевдин айтымында, акыркы беш жарым жылдын аралыгында Кумтөрдөн Кыргызстанга болгону 56 миллион доллар гана каражат түшкөн. Орозбек Дүйшеевдин мындай оюн белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов да колдойт.

- Менин пикиримде, алтындын дүйнөлүк баасы көтөрүлүп, анын үстүнө Кумтөр эми мына Кыргызстанга пайда берет деп жатканда аны «Камекого» берип коюш туура эмес. Менин оюмча, кыргыз өкмөтү буга жол берген шашылыш чечим кабыл албай турса, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG