Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Усама бин Ладендин билдирүүсү Интернетте жарыяланды


"Аль-кайида" уюмунун лидери Усама бин Ладендин мусулмандарды АКШга каршы күрөшүүгө үндөгөн аудиобилдирүүсүн Arabforum.net деген интернет-сайт жарыялады.Убактысы 53 минутту түзгөн аудиобилдирүүдө бин Ладендин билдирүүсүнөн деп бейшемби күнү Британияда жайгашкан исламчыл "Ал-Ансаар" жаңылыктар агенттиги жарыялаган үзүндүлөр да камтылган.АКШнын адистери азырынча ал аудиотасмалардагы үн чын эле бин Ладендики бекенин аныктай албаганын айтышууда."Аль-кайиданын" лидери өз кайрылуусунда АКШнын Иракка эле эмес башка араб өлкөлөрү:Сирияга, Иранга, Мисирге, Суданга кол салуу ниети бар экенин айтат.Өткөн аптада Катардагы "Аль-Жазира "телеканалы да бин Ладендики деген аудиотасманы угузган.

XS
SM
MD
LG