Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штаб анын жыйынтыктары боюнча талкууларды уюштурат


БИШКЕК. Кыргызстанда 2-февралда өткөрүлгөн референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штаб март айынын башынан баштап жер-жерлерде бүткүл элдик добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча тегерек үстөл жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу жекшембиде аталган штабдын башчысынын орун басары Эмил Алиев маалымдады. Анын айтымында, алгач мындай жыйындар Ош, Жалалабад, Баткен облустарында, андан соң түндүк региондордо өткөрүлмөкчү. Жыйындарда референдум учурунда кандай мыйзам бузуулар орун алгандыгы, жер-жерлердеги шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын жүргүзгөн иштери боюнча кеңири пикир алмашуулар болот. Ал эми жыйынтыктоочу тегерек үстөл жыйыны Бишкекте өткөрүлүшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG