Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Бишкектеги Орус драма театрында орусиялык мекендештердин жолугушуу кечеси болду


БИШКЕК. 17-февралда кечинде Бишкектеги Орус драма театрында орусиялык мекендештердин жолугушуу кечеси болду. Ага Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү, Москва өкмөтүнүн делегациясы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен иш алып баруу боюнча комитетинин аппарат жетекчиси Мария Лазутова жана Кыргызстандагы улуттук маданий борборлордун мүчөлөрү катышты. Орусиялык мекендештердин Бишкектеги жолугушуу кечесине катышуучуларды бул күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Геннадий Селезнев, Москванын мэри Юрий Лужков жана Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Валентина Матвиенко куттукташты. Алар чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүп, алардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо Орусия Федерациясынын тышкы саясатынын башкы багыттарынын бири экендигин билдиришти.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG