Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:46

Өзбек чек арачыларынын кезектеги ээнбаштыгы катталды


БИШКЕК. 14-февралдан 15-февралга караган түнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы өзбек чек арачыларынын ээнбаштыгын Кыргызстандын чек ара кызматынын Айдаркен бөлүгү менен Өзбекстандын чек ара кызматынын Кувасай бөлүгү иликтөөдө. Бул тууралуу шейшембиде Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Үсөн Полотов кабарлады. Анын маалыматы боюнча, 14-февралдын түнүндө Кадамжай районундагы Новгардан деген айылдан район борборун көздөй бараткан «ПАЗ» маркасындагы автобусту өзбек чек арачылары токтотуп, документтерин текшерүүгө аракет кылышкан. Автобустун айдоочусу Кыргызстан аймагында экендигин, өзбек чек арачыларынын текшерүүгө эч кандай укугу жок экенин айтып, документтерин берүүдөн баш тарткан. Чек арачылар айдоочуну коркутуу максатында автоматтан жерге ок атышкан. Бирок өзбек чек ара бекетинин башчысы келип, ээнбаштык кылып жаткан эки чек ара кызматкерин алып кеткен. Автобустун ичинде эне-бала эки жүргүнчү болгон. 15-февралда окуя болгон жерге келген Кадамжай районунун тартип коргоо органдарынын кызматкерлери автоматтын огунун гильзасын табышкан.

XS
SM
MD
LG