Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Түркия БУУ тийиштүү резолюция кабыл алганда гана, АКШнын аскерий пландарын колдойт


Түрк парламенти ыктымал Ирактагы согуш учурунда АКШлык аскерлерди өлкөдө жайгаштырып, кошумча базаларын ачууга уруксат берүү маселесин талкуулашы күтүлөт. Мурдараак, Анкара Иракта согуш чыкса, АКШ Түркияга көрсөтчү 15 млрд долларлык жардам жана согуштан кийинки түрк армиясынын ролу аныкталмайынча, добуш бербей турууну чечкен. Талкууну утурлай, Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезер Ирактагы согуштук аракеттер жөнүндө Бириккен улуттар уюму атайын чечим кабыл алганда гана, Анкара АКШлык аскерлерге өз аба мейкиндиги менен аймагын пайдаланууга уруксат берээрин эскертти. Мыйзам боюнча, түрк парламентинин чечимине өлкө президенти вето коюуга укуктуу.

XS
SM
MD
LG