Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Германиянын соту 11-сентябрдагы теракттарга байланыштуу кармалган марокколук студентти 15 жылга түрмөгө кести


Гамбургда өткөн сот марокколук студент Мунир эл-Мотассадекти күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. 28 жаштагы Мотассадектин мойнуна 11-сентябрда АКШда 3000дей адамдын өмүрүн алган теракттар тууралуу алдын-ала кабардар болгон жана "Ал-Каида" уюмунун Гамбургдагы бөлүмүнө активдүү көмөк көрсөткөн деген кинелер тагылды. Белгилүү болгондой, ал-каидачылардын Гамбургдагы бөлүмүн 11-сентябрда Нью-Йоркто алгачкы учакты жардырган Мухаммед Атта жетекчилик кылган. Марокколук студенттин адвокаттары Мотассадек болгону мусулманчылык жолунда жүргөн момун экенин, анын Ооганстандагы Ал-Каиданын лагеринде машыгуудан өткөнү бул жигит – сөзсүз террорист экенин далилдебейт деп айтышат.

XS
SM
MD
LG