Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ, АЗАЙБАГАН ЧИНОВНИКТЕР, ЧЕК АРА КАТТАМЫ


“Слово Кыргызстана”, “Моя столица”, “Вечерний Бишкек”, “Общественный рейтинг” – 20.02.03. “Агым”, “Аалам” – 21.02.03.

Президент Акаевдин Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу мыйзамга кол коюу аземиндеги сөзү, ага улай Башмыйзамдын тексти “Слово Кыргызстана” гезитинин 20-февралдагы санында жарыяланды.Өлкөдө ынтымак сакталышы керектигине басым жасаган президент келишпес оппозиция эл алдындагы жоопкерчилигин сезиши керектигин эскертти. Гезитте “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчиси Сагынбек Дордоевдин “Камбарата эпкиндүү курулушка айланат» деген маеги жарыяланды. Анын айтымында, ушу тапта электр энергиясына элдин карызы 1 миллиард сомдон ашты. Учурда тармак адистери “Камбарата – 1”, “Камбарата – 2” ГЭСтерин кантип куруу, адистерди ишке тартуунун жолдорун ойлонушууда. Дордоевдин маалымдашынча, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн баш-аягы 1,5 миллиардка жакын доллар табуу зарыл. Доллар демекчи, коммерциялык банктарга акчаларын алдаткан аманатчылардын көйгөйү, момун калкты шылуун банкирлер кантип сызга отургузуп кеткени DEBRA банктарды жоюу, карыздарынын кайтарылышына тескөөчү агенттиктин директору Айдар Мокеновдун ушул эле гезиттеги маегинде маалымдалат. Мокеновдун айтымында, банкка акча салып алдангандарды жооткото турган бир гана жагдай бар. Иши жүрүшпөй жабылып калган банктардын кыймылсыз мүлктөрү, жыйган-терген баалуу буюмдары бар. Бирок да айрым банктарда андай өлүү дүйнө да жок экен.

Эгемендик заманынан бери эле президент Акаев чиновниктер санын кыскартып, башкаруу аппаратын ийкемге келтирүү амалын жасап келатканы, бирок андан азырынча эч кандай натыйжа көрүнбөй жатканы Вячеслав Тимирбаевдин бейшембидеги «Моя столица» гезитинде жарыяланган макаласында чагылдырылган. Министрлик менен агенттиктердин санын кыскартуу 1996-жылы, Аскар Акаев экинчи мөөнөткө президентке шайлангандан кийин, кызуу башталып 20 министрлик 16га түшүрүлүп, агенттик, инспекция, мамлекеттик комиссиялардын саны азайды. 2000-жылы ушундай эле аракет жасалып, министрликтер 12ге түшүп, ага 1 мамлекеттик комитет кошулган. 42 мамлекеттик башкаруу органынан 29ун калтыруу милдети тагылган. Автордун маалымдашынча, жаңы кыскартуулардын кайрымжысы байкалбады. Бишкектин бир ныптасында америкалык Ганси аба базасынын жайгашуусу геосаясий кызыкчылыктан чыкканы менен анын артында кайсы бир таасирдүү ишкердин финансылык кызыкчылыгы башбактап турганы Александр Кимдин «Ганси абабазасынын турганы баарына пайдалуу» деген макаласында баяндалат.

Кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банк 3 жылга чуктап берүүчү 171 миллион долларды кантип иштетүүнүн амалын издеп жатканын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалым кылды. Елена Авдеева «Костюк канча акча алат?» деген макаласында ал акчанын 51 миллион доллары грант катары берилерин ачыкка чыгарат. Өзбек чек арачылары эки республика ортосундагы Шаркансай көпүрөсүн бузуп ташташканы менен калк каттамы үзүлбөгөнү, мындан чекте турган аскерлер гана пайда көрүп жатышканы Айбек Хамидовдун «Оң жээк – сол жээк» макаласында баяндалган.

Бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин канадалык «Камеко» корпорациясынын энчисине өткөрүп берүү аракети жөнүндө биртоп аналитиктердин пикирин сураган. Илимпоз Аваз Атахановдун айтуусунда, Кумтөрдү чет элдиктерге бербеш керек. Эгер экологиялык кырсык болсо Кыргызстан Ысыккөлдөн кол жууп калышы ыктымал. Журналист Турат Акимов канадалыктар Кыргызстанга салык төлөгөнчө, пайдадан түшкөн кирешени өкмөткө өткөрүп турууну өйдө көрөт, экинчиден алар Акаев кызматтан кеткенден кийин кенден пайда табышарына ишенишпейт, деп эсептейт.

Жума күнкү «Агым» гезитинде АКШнын Иракка каршы чабуулу кандай максатты көздөп атканы тууралуу макала басууга даярдалууда. Макалада Кошмо штаттардын Багдадка жасалчу чабуулунун себеп-жөнү талдоого алынат. Гезит божомолуна ынансак, аптанын аягында кыргыз өкмөтү отставкага кетиши деле ыктымал.

«Аалам» гезитинин жума күнкү санында республиканын саясий турмушундагы соңку окуялар чагылдырылат. Кыргызстан буркан-шаркан түшкөн мухитте багытын издеген кеме болсо анын калагы ким? Басылмада айтылуу Түркмөнбашынын «Рухнамасы» китебинин бетачар аземи тууралуу маалымдама жарыяланган.
XS
SM
MD
LG