Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Кыргызстанда Мекен коргоочулардын күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Мекен коргоочулардын күнү расмий түрдө белгиленди. Буга байланыштуу борбор калаанын «Жеңиш» аянтында салтанатуу жыйын өттү. Ага премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаар жетекчилери, Улуу Атамекендик согуштун катышуучулары, ардагерлер катышты. Салтанатта өкмөт башчысы Николай Танаев сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду: «Бүгүнкү салтанат өзүнүн турмушун өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө менен ыктыярдуу түрдө байланыштырган патриотторду колдоого, жаш муунду тарбиялоого багытталган иш-чаралардын уландысы». Салтанатта Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкулов, согуш ардагерлери сөз сүйлөштү. Премьер-министрдин ушул жылдын январь айындагы токтому менен 23-февраль Кыргызстанда расмий түрдө Мекен коргоочулардын күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG