Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Таластык дыйкандар өстүргөн кант кызылчасы менен картошканы быйылтан баштап «Бакай» акционердик коому сатып алат


ТАЛАС. Таластык дыйкандар өстүргөн кант кызылчасы менен картошканы быйылтан баштап «Бакай» акционердик коому сатып алат. 25-февраль күнү облус губернатору Искендер Айдаралиев менен «Бакай» акционердик коомунун генералдык директору Мухамбет Ибраимовдун ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, алар ушундай жыйынтыкка келишти. «Бакай» коому кызылчаны Өтмөк ашуусу аркылуу ташып кетүүгө техникалык мүмкүнчүлүгү бар экен. Ал эми дыйкандар менен кумшекерге айырбаштоо аркылуу же акчалай түрүндө эсептешүү кызылча тапшырылган күнү эле жүргүзүлөт. Картошкадан чипс чыгаруу иши азыр иштебей турган Талас эт комбинатынын имаратында, атайын жабдуулар орнотулган соң ишке ашырылат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG