Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Бишкекке Эл аралык Валюта Фондунун кезектеги миссиясы келет


БИШКЕК. 27-февралда Кыргызстанга Эл аралык Валюта Фондунун кезектеги миссиясы келет. Анын башында Валюта Фондунун Экинчи европалык башкармалыгынын кеңешчиси Тапийо Саавалайнен турат. Бул тууралуу шейшемби күнү Эл аралык Валюта Фондунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Андан алынган маалыматка караганда, ЭВФтин миссиясы Кыргызстанда 6-мартка чейин иш жүргүзүп, президент, өкмөт башчысы, Улуттук Банктын башчысы жана финансы министри менен жолугушууларды өткөрөт. 21-февралда Эл аралык Валюта Фондунун Вашингтондо жайгашкан аткаруу кеңеши Кыргызстанга 16 млн. доллар бөлүү тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG