Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

АК ИЛБИРС ТУКУМ КУРУТ БОЛУП КЕТЕБИ?


Дүйнөлүк Кызыл китепке киргизилген илбирстин тукумдарына аңчылык токтой элек.

Дүйнөлүк Кызыл китепке киргизилген илбирстин эки күчүгүн мыйзамсыз алып бараткан Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынын «Москва-Империал» аттуу циркинин жетекчиси Снежана Даутова 24-февралдын кечинде Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин колуна түштү.

- Аман Рахманов башында турган милийса кызматкерлери жана кыргыз-немис «Барс» долбоору тарабынан Казакстандын жараны Снежана Даутова Кызыл китепке киргизилген илбирстин эки күчүгү менен кармалды, - дейт кылмышкерлерди кармоого катышкан милициянын подполковниги Роман Аманов. Анын айтымында, бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

«Москва-Империал» аталган циркинин кызматкерлери Бишкекте жыйырма күндөн ашуун өнөр көргөзүшкөн болчу. «Бирок балдардын жан-дүйнөсүн тазартам деген өнөрпоздор илбирс уурдашат деп ойлогон эмесмин» дейт Роман Аманов. Илбирстерди мыйзамсыз алып баратканы тууралуу маалыматты угушкан күч органдарынын кызматкерлери Бишкектеги цирктин жанынан меймандардын автоунаасын текшере башташканда илбирстер табылабы же жокпу – али белгисиз эле. Себеби, «Москва-Империал» циркинин өкүлү Александр Спичев алгач илбирсттер тууралуу эч нерсе билбейм деп чыккан. Ал эми Кыргыз циркинин жетекчиси Жолдош Таштанов милицияга «мен автоунааны текшердим, капаста жаткандар илбирстин күчүктөрү эмес, каракулакшердин балдары экен» деген маалымат берген.

Бир сааттык жаакташуудан кийин цирктин кызматкерлери автоунааны текшертүүгө маакул болушту. Автоунаага жүктөлгөн айбанаттардын баарын жерге түшүргөндөн кийин милиция кызматкерлери эң акыркы темир капаста чындыгында эле илбирстин эки күчүгү камалып жатканын аныкташты. Чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин алдындагы токой чарбасы кызматынын өкүлү Акылбек Төлөгөнов окуяга күбө болгон киши катары буларды айтты:

- Снежана Даутова «мага белгисиз эки адам жапайы мышыктын балдары деп сатышты эле, экөө үчүн 3000 доллар бергем» деп актанды.

Илбирс - Дүйнөлүк Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү айбанат. Адистердин айтымында, мындан 10 жылча мурда Кыргызстан аймагын 1200-1400 чамалуу илбирстер байырлачу. Кыргызстанда 1998-жылдан бери иштеп келаткан «Илбирс» кыргыз-немис долбоорунун жетекчиси, Алмания атуулу Торстен Хардердин айтымында, акыркы жылдарда мыйзамсыз аңчылык күч алды. Анын кесепетинен соңку эсептер боюнча, Кыргызстанда 250дөй гана илбирс калды.

Илбирсти кармап, чет өлкөгө сатуу ишине мамлекеттик органдын кызматкерлери да катышып келатканы жашыруун эмес. Алсак, 2002-жылдын май айында Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Андрей Шейко, Руслан Жаманов, Токмоктогу аңчылар жана балыкчылар коомунун жетекчиси Толкунбек Тайгүрөңов жана аты белгисиз бойдон калган дагы бир чиновник илбирстин эки күчүгүн сатууга аракет жасаган учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Роман Калмаков жана Аман Рахманов башында турган изкубарлар тарабынан кармалган эле.

Чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин алдындагы токой чарбасы кызматынын өкүлү Акылбек Төлөгөновдун айтымында, илбирске аңчылык кылууну токтотуу үчүн мыйзамды катуулатуу зарыл:

- Жер-жерлерде экологиялык, бажы, МАИ посттору эмнени карап жатышканын түшүнбөйм. Мамлекет эл, жер байлыгын коргоону жакшыртышы керек. Азыркы мыйзам боюнча, илбирстин бирөөнү кармап, сатканы үчүн 62 миң сомду шраф катары төлөп берүү керек. Бул жеңил жаза, аны катуулатуу керек.

Кыргыз-немис «Барс» долбоорунун жетекчиси Торстен Хардер эгерде илбирстин күчүктөрү кичинекей чагында аңчылардын колуна түшкөн болсо, аларды азыр дароо тоого коё берүү коркунучтуу:

- Биздин адистер күчүктөрдүн ал-абалын текшерип жатышат. Эгерде алар мурда жапайы жаратылышка көнүшүп, өз алдынча жашап келишкен болсо анда аларды кайра тоого коеберсе болот. Эгер күчүктөр кичине кезинен колго көнүп калышса, өз жандарын өздөрү багууга жарамсыз болуп калышат.

Торстен Хардердин илбирстерди уруксатсыз кармоого каршы күрөштү күчөтүү үчүн Кыргызстан мыйзамдарын мындан да катуулатуу керек деген ойдо.

Айта кетүү керек, «Барс» долбоору иштей баштаган күндөн бери Кыргызстандагы илбирстердин көбүн сактап калды. Адам запкысын көрүп колу-буту капканга чабылган ал илбирстерди кармоо үчүн Ысыккөл аймагында корук ачылган. Былтыр май айында алып-сатарлардын колунан арачаланып калган илбирстин күчүктөрү азыр ошол жерде багылууда. 24-февралда күч органдары сактап калган күчүктөр тоого коеберилбесе, аталган корукта жашап жатышкан эки илбирстин жанында калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG