Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

КИМ ЧЕН ИР: ПХЕНЬЯНГА АТОМ ЭНЕРГИЯ ҮЧҮН ГАНА КЕРЕК


Байян Жумакадыр кызы 24-февралда Түндүк Корея ракета сынагын өткөрдү. Кошунасынын кооптуу машыгуусунан тынчсызданган Түштүк Корея аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди.

Блокторго кошулбаган өлкөлөрдүн Малайзияда өтүп жаткан саммитинде Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ир ракета сынагынан таптакыр кабарсыз экенин белгилеп, анын өлкөсү массалык кыргын салуучу куралдарды чыгарууга ниеттенбей тургандыгын билдирди."Биздин ядролук программабыз тынчтык максатты гана көздөйт. Ал бизге электрэнергия өндүрүү үчүн керек. Ал эми ядролук куралдарды таркатпоо келишиминен чыгып кетишибизге Американын эч кимди көзүнө илбеген, дөөгүрсүгөн жүрүм-туруму мажбур кылды!"- деп билдирди Ким Чен Ир блокторго кошулбаган 116 мамлекеттин башчылары алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Ошол эле жыйында Түндүк Кореялык дипломаттардын бири окуянын уу-чуусун басайтканга аракеттенип: "Ракета бардык өлкөлөрдө эле бар. Андай куралы жок өлкөнү көрсөткүлөчү деги мага! Ракеталарды сыноого бизге эч ким тыйуу салган эмес!"- деп ачууланды. Ошону менен бирге Түндүк Корея бир нече күндөн бери анын аба мейкиндигине америкалыктардын тыңчы учактары чабыттап кирип келип жатканын билдирет. Пхеньян кайгоол учакты май куйган дагы бир самолет коштоп жүргөнүн айтып, Вашингтонду Түндүк Кореянын чек ара мейкиндигин бузуп жатат деп айыптады.Бул окуяларды провокация катары кабыл алган Түштүк Корея опурталдуу жагдайдан сактанып,куралдуу күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирди.

Түндүк Кореянын айланасындагы окуялар Түштүк Кореянын президенти Но Му Хендин иннагурациясына чогулган чет элдик дипломаттардын куттуктоо сөзүндө негизги тема болду. Бирок иннагурацияда сөз сүйлөгөн АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл жакын аралыкка учуучу тактикалык ракета кадимки сыноонун алкагында учурулган деген божомолун айтты. Ошол эле сөзүндө Пауэлл жакын арада Кошмо Штаттарф Түндүк Кореяга гуманитардык жардам берүүнү жанданта турганын жарыялады. Министр мындай жардамы үчүн АКШ Түндүк Кореяга эч кандай аскердик же саясий талаптарды койбой турганын баса белгиледи. АКШ былтыр Түндүк Кореяга 157 миң тонна азык-түлүк жөнөткөн. Быйыл ал ачарчылыктан жабыркаган өлкөгө 100 миң тонна азык жөнөтөт. Расмий Вашингтон гуманитардык жардамдын азайтылышы АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы мамилелердин начарлашы менен байланышы жок экенин белгилеп, быйыл Улуттар Уюму Түндүк Кореяга гумжардам берүүгө башка донорлорду тарткандыгы менен түшүндүрдү.

Түндүк Кореянын тактикалык ракетасына байланышкан камтамачылыкты Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков да басаңдатканга аракеттенди. Ал эми Япониянын премьер-министри Дюзинитиро Коидзуми Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен менен болгон сүйлөшүүсүндө түндүктөгү коңшусунун аракеттерине сабырдуу мамиле кылууга чакырып, Түндүк Корея менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө үндөдү.

Мындай диалогко укук коргоочулардын адвокаты болуп жүрүп чоң саясатка келген президент Но Му Хен өзү да ниеттенип жатканын белгилей кетүү керек. Ант берүү каадасында миңдеген мекендештеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө Но Му Хен "түндүк Кореяга каршы керек болсо аскердик чара көрөбүз" деген Вашингтондун опузалоо саясатына макул эмес экенин кайталады. "Түндүк Кореянын атомдук куралы бар деген шектенүүлөрдү көкүтүү -Корей жарым аралын айтпай эле койолу, бүткүл дүйнөгө коркунуч жаратат!"- деп эскертти президент. Ошону менен бирге президент расмий Сеул Кошмо Штаттарды мурдагыдай эле өзүнүн жакын өнөгү деп эсептей турганын жана чек арада жайгаштырылган 37 миң америкалык жоокер Түштүк Кореянын коопсуздугунун кепили экенин баса белгиледи.

Саясий байкоочулар Но Му Хен шайлоо кампаниясында убада кылган тактикасынан тайбай тургандыгын айтышат. Шайлоочуларды Но Му Хен Түндүк Корея кризисин кандай болсо да тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана келечекте өлкөлөрдүн биригүүсүнө карай жол ачканга күч үрөй тургандыгына ишендирген. Ал ошондой эле президент болуп шайланса Корей жарым аралындагы проблемаларды чечүүдө Вашингтондон көз карандысыз саясат жүргүзгөнгө да сөз берген.

XS
SM
MD
LG