Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Орусия жана Азербайжан аскердик кызматташтык келишимин түздү


Документке Бакуда эки өлкөнүн коргоо министрлери Сергей Иванов менен Сафар Абиев кол коюшту. Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун айтымында, келишимге ылайык тараптар өз ара аскерий жабдууларды алмаша алат. Азербайжандын коргоо министри Сафар Абиев белгилегендей, макулдашуу анын өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Азребайжандын коргоо министри Орусия Армения аркылуу Тоолуу-Карабахка наркы 1 миллиард доллар келген курал-жаракты мыйзамсыз жибергенине да токтолду. Сергей Ивановдун билдиргенине караганда, Орусиянын прокуратурасы бул ишти тергөөнү "кылмыштын белгиси жок болгонуна байланыштуу" токтоткон.

XS
SM
MD
LG