Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

КЫРГЫЗСТАНДА КИШИ САТУУ КҮЧ АЛУУДА


Адамдарды чет мамлекеттерге мыйзамсыз чыгарууга жана сатууга каршы күрөш боюнча кыргыз президентинин алдындагы улуттук кеңеш бейшембиде жыйын өткөрүп, мындай көрүнүшкө каршы чара көрүү маселесин талкуулады.

Киши сатууга каршы күрөш боюнча улуттук кеңештин бейшембидеги жыйынын мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов акыркы ирет алып барды. Анткени президенттин буйругу менен кеңешти жетектөө мындан ары биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмоновго жүктөлүп, мамлекеттик катчы ал милдеттен бошотулду. Бул тууралуу Осмонакун Ибраимов жыйындын жүрүшүндө маалымдады. Өткөн жылы түзүлгөн Улуттук кеңештин курамына бардык күч органдары, Юстиция министрлиги, Башкы прокуратура киргизилген. Андыктан жыйынга күч органдарынын жетекчилери, Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү катышты. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул маселе боюнча Кыргызстанды «үчүнчү баскычка» койгондуктан, бул абалдан чыгуунун жолдору, киши сатууга бөгөт коюунун ыкмалары жыйында талкууланган негизги маселелер болду. Анткени Тышкы иштер министрлигинин адиси Төлөн Турганбаевдин айтымында, «үчүнчү баскычта» калуу АКШнын Кыргызстанга санкция киргизишине, анын буга чейин көрсөтүп келген жардамынын токтоп калышына алып келет.

Бирок киши сатуунун Кыргызстандагы масштабы ушул күнгө чейин аныктала элек. Ички иштер министринин орун басары Болотбек Ногойбаевдин айтымында, аны аныктоо бир катар кыйынчылыктарга байланыштуу.

- Бизде канча киши кайсы мамлекетке барганы жөнүндө маалымат бар. Бирок алардын кайсы жакка барып, эмне кылып жүргөнү белгисиз. Анткени чет мамлекетке чыккандардын ичинде туристтер, соодагерлер да бар, - дейт Б. Ногойбаев.

Ал эми Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлү Дамира Осмоналиева киши сатуунун масштабын так аныкташ мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Биз муну болжолдуу түрдө да айта албайбыз. Миңдеген адамдар кетип жатат. Жоголуп кетип жатат. Мыйзамсыз миграциянын проблемасы ушунда - кеткендерди санаш мүмкүн эмес. Биринчиден, укук коргоо органдары активдүү иштөөгө тийиш, экинчиден, Улуттук кеңештин мүчөлөрү айткандай, мыйзамдык базаны тактап, түзүп, аны толук пайдалануу зарыл. Үчүнчүдөн, жапа чеккен адамдарга жардам бериш керек, - дейт Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлү.

Башкы прокурордун орун басары Курмантай Абдиевдин маалыматы боюнча, ортомчулар кыргызстандык кыз-келиндерди негизинен Түштүк Кореяга жана Бириккен Араб Эмираттарына алып чыгып, ушул өлкөлөрдө сойкулук жолуна түртүп жатышат. Сойкулардын саны өсүүдө.

- Бириккен Араб Эмираттарындагы кыздардын көпчүлүгү - башка өлкөлөрдүн жарандары. Араб Эмираттарындагы сойкулардын 80% - Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары, бирок алардын колунда биздин өлкөнүн паспорттору бар. Биздин паспорттор жакшы корголгон эмес. Аларды жасаш оңой, - деди Курмантай Абдиев. Анын маалыматы боюнча кыргыз жарандары 400-500 долларга өз паспортторун башка өлкөлөрдүн жарандарына сатып жатышат. Бирок мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жана биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Кыргызстандын таза, толтурула элек паспорттору сатылган фактылар бар экенин эскертишип, өлкөнүн паспорт системасын текшерип чыгуу, анда тартипти бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

- Кыргызстандан 600 долларга жаңы паспорт сатып алып, Иранда ага жасалма мөөр басып, 6 миң долларга сатып жатышат, - деди Курманбек Осмонов.

Жыйын соңунда киши сатууга каршы күрөш үчүн мыйзамдарды катуулатуу, мындай иш менен алектенгендерге каршы жазаны күчөтүү керектиги белгиленди. Бул үчүн Кылмыш-Жаза кодексине өзгөртүү киргизилмекчи. Ал эми кыздарды чет өлкөгө ташыган фирмаларга каршы күрөш, шектүү фирмаларды кайрадан каттоодон өткөрүү аркылуу, алардын ишмердүүлүгүн так аныктоо менен коштолмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG