Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК КИПР МАСЕЛЕСИН БИРОТОЛО ЧЕЧИП САЛУУГА АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Экиге бөлүнгөн Кипр аралын эл аралык коомчулук акыркы күндөрдө кайрадан бириктирүү үчүн жигердүү аракеттене баштады. Ийгилик жетишилсе, Европа Биримдигине мүчө болуп кошулууга чакырылган Кипр эми уюмга Түндүк Кипр Жумурияты менен кошо кириши мүмкүн.

Декабр айында Данияда болуп өткөн Европа Биримдигинин бийик жолугушуусунда уюмга мүчө болуп кирүүгө он жаңы мамлекет чакырылган. Алардын арасында Кипр Жумурияты да бар, бирок аралдын түндүгүндө жайгашкан Түндүк Кипр Түрк Жумурияты ага баш ийбейт. Копенгаген саммитинин алдында Бириккен Улуттар Уюму эки жумуриятка тең кайрылып, конфедерация түзүүнү сунуштаган, бирок Түндүк Кипр ага макул болгон эмес.

Кипр Жумурияты Европа Биримдигине эмдиги жылы кошулат, анткени аны бүткүл дүйнөлүк коомчулук тааныйт. Түндүк Кипрди болсо өзү Биримдикке кире албай жүргөн Түркиядан башка эч ким тааныбайт жана бул жумурият Анкаранын аскерий колдоосу менен гана жашайт. Европа Биримдигине чакырылган өлкөлөр үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Биримдик менен атайын келишимдерге кол коюуга тийиш жана, эгер Түндүк Кипр Биримдикке кирем десе, конфедерация түзүүгө ага чейин макул болгону жакшы.

Бирок ан үчүн эки жумуриятта 30-мартта бүткүл элдик референдум өткөрүш керек, ошондуктан Бириккен Улуттар Уюму, АКШ жана Улуу Британия эки Кипрге кайрылып, 28-февралга чейин эл аралык планды жактырууну суранды. Ан үчүн план менен Түндүк Кипр Түрк Жумуриятынын президенти Рауф Денкташ жана Кипр Жумуриятынын жаңы шайланган президенти Тассос Пападопулос макул болууга тийиш.

Европа Биримдигинин тышкы саясатын аныктаган Хавье Солана, Биримдиктин комиссары Крис Паттен жана Грекиянын тышкы иштер министри Георге Папандреу 26-февралда Вошингтон шаарында жолугуп, маселени талкуулады. Алар АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана президенттин кеңешчиси Кондолиза Райс менен да кездешти. Кипр маселесин АКШ - Иракка каршы согуш баштала электе чечип алууга умтулат, анткени аны менен бүткүл региондогу коопсуздук бир кыйла бекемдейт эле.

Иракка каршы даярдалып жактан согуш менен байланыштуу АКШдан көптөгөн миллиард доллар жардам ала турган Түркия да акыркы мезгилде Кипр маселеси боюнча өз турумун жумшарта баштады. Өкмөттү көзөмөлдөгөн "Адилет жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайып Эрдоган 25-февралда партия жетекчилигине кайрылып, аралдагы эки жумурият тең эл аралык планды кабыл алаарына ал ишенгенин билдирди.

Бул планды ишке ашыруу Батыш үчүн канчалык маанилүү экендигин - аймакка Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан келгени эле көрсөтөт. 23-февралдан бери ал Түркия жана Грекия жетекчилери менен жолугуп, Кипр маселеси азыр чечилбей калса, башка ыңгайлуу шарт качан болоору белгисиз деп такай билдирүүдө: "Кипр маселесин чечүүдө биз эң жогорку чекке жеттик. Кипр үчүн азыр чечүүчү мезгил келип турат. Албетте, биз баарыбыз азыр Ирак менен алекпиз, бирок Кипр маселесин чече ала турган мүмкүнчүлүктү да жоготпош керекпиз".

Аннандын айтымында, чечим кабыл алуу мөөнөтүн бир апта кийинкиге калтыруу мүмкүн, бирок андан ашык убакыт жок. Анткен менен каршылаш тараптар азырынча өз пикирин айчык айтпастан, Бириккен Улуттар тарабынан даярдалган пландын кемчиликтерин гана сынга алууда. Азыр аралда 750 миңге жакын адам жашайт, алардын экиден үчү гректер, калганы түрк. 1960-жылы Кипр эгемендүүлүккө жеткенден көп узабай, 1974-жылы грек аскерий хунтасы аны Грекияга кошуп салууга аракеттенгенде, кошуна Түркия аралга аскер киргизип, анын түндүгүндө Түндүк Кипр Түрк Жумурияты жарыяланган.

Эл аралык план боюнча, эки жумурият конфедерацияга биригиш керек жана анын Түрк бөлүгүнө аралдын 29 пайыз аймагы берилет. Бул сан - декабрдагы сунуштан көбүрөөк. Андан тышкары, аралга мурда ээлик кылган Улуу Британия - өзүнүн Кипрдеги аскерий базалары ээлеген аймактын жарымын эки жумуриятка бөлүп берүүнү сунуш кылууда.
XS
SM
MD
LG