Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Бишкекте Казакстандагы адам укугунун абалы талкууланды


БИШКЕК. Бейшемби күнү Бишкекте «Казакстандагы саясий куугунтуктардын жыйнагы» аттуу китептин авторлору маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Казакстандагы адам укугунун жана сөз эркиндигинин бийлик тарабынын кысымга алынышы тууралуу сөз болду. Ошондой эле алар казакстандык белгилүү журналист Сергей Дуванов, оппозициячыл маанайдагы саясатчылар Галымжан Жакиянов, Мухтар Аблязов жана башка саясатчылар бийлик тарабынан мыйзамсыз камакка алынганын маалымдашты. Жыйынга Казакстандагы Эл аралык саясий туткундарды коргоо фондунун башчысы Казис Тогузбаев, «Журналист запкыда» фондунун башчысы Розлана Таукина, Борбордук Азиядагы көз каранды эмес электрондук маалымат каражаттар ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Леонид Ремпель жана Казакстандагы массалык маалымат каражаттары боюнча эксперт Андрей Свиридов катышты. Сергей Дуванов Казакстанда адам укугунун басмырланышы жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн эл аралык коррупцияга аралашканы тууралуу жазган макалалары үчүн куугунтукталган деген көз караш бар. Ал 2002-жылдын 28-январында Алматы облусунун Карасай райондук сотунун чечимине ылайык «жашы жете элек кызды зордуктады» деген айып менен 3,5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG