ПРАГА. Американын "Форбс" деген журналынын жылдык иликтөөсү Орусияда азыр миллиардерлердин саны 17 кишиге жеткенин көрсөттү. “Форбстун” иликтөөлөрүнө ылайык, Орусиянын эң бай адамы – Юкос мунай компаниясынын жетекчиси Михаил Ходоровский. Ал 8 миллиард долларлык мүлккө ээлик кылат. Андан кийин Сибирдин Чукотка регионунун губернатору Роман Абрамович аталган. Итар-Тасс кабар агенттиги миллиардерлердин 12си мунай тармагынын ишкерлери экенин, төртөө - металл өндүрүшүнө, жана бирөө - телекоммуникацияга тийешеси бар экенин маалымдайт.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага