Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:20

“Алкаида” уюмунун жетекчилеринин бири Халид Шейх Мохаммад кармалды


2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын шаарларында болгон террордук чабуулдарды уюштуруучулардын бири Халид Шейх Мохаммадды Пакистан бийликтери Америка Кошмо Штаттарына өткөрүп берди.
Мохаммад жана 2 адам Пакистандык жана АКШлык агенттер ишемби күнү Равалпинди шаарында бирге өткөргөн операция маалында кармалган.
Ак Үйдүн ырасташынча, 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын планы Мохаммаддын жетекчилиги астында даярдалган жана ал “Алкаида” уюмунда Осама бен Ладен менен Айман ал-Завахриден кийнки үчүнчү адам саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG