Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Балбай Алагушов Кыргызстандын Эл артисти, обончу, композитор Калыйбек Тагаев менен баардашуу.

Бүгүнкү «Талант тагдыры» түрмөгүнүн мейманы:
«Ырдасаң кошо ырдашат,
Аскалуу бийик капчыгай,
Обондун кени Нарында,
Жорголоп аккан тамчыдай», -деп, залкар акын Аалы Токомбаев ыр жазган Нарындын Атбашысынан чыккан Эл артисти Калыйбек Тагаев. Ал жердештери обончу-акын Боогачы Жакыпбек уулунун, элдик композитор Жумамүдүн Шералиевдин, казалчы-обончу Казыбек Мамбетиминдин, элдик ырчы-обончу Жоломан Чоробаевдин жолдорун жолдоп, көөнөрбөс өнөрлөрүн улап, кыргыздын элдик чыгармачылыгынын алтын казынасын жүрөктөн кирип, бойду алган жүздөн ашык патриоттук-лирикалык мөлтүр обондору менен байытты.

- Калыйбек мырза, сиздин ыр жазып, обон чыгарып, ырдап, кала берсе сахнада роль ойноп актёр болуп калышыңызга эмне себепчи болду?

- Балалык кезим Атбашынын эң бир кооз Каманды, Бешбелчир, Арпа, Аксай деген атактуу жайлоолорунда өттү. Булардын кооздугу мага абдан көп таасир этти. Азыр да чыгарма жазганда табияттын кереметине суктанып көз алдыма келтирип элестетип отуруп жазам. «Туулган жердин топурагы алтын» дегендей, мен биринчи жолу Атбашынын сулуулугун сүрөттөгөн «Атбашым бакыт калаасы» аттуу обон жараткам. Ырымда Атбашынын токоюнан, тоосунан, арча, кайың, суусунан бери берүүгө аракет кылдым. Кийин «Атбашынын кыздары ай», «Атбашым ырдайт эскерип», Боогачыга арнап «Арманым аттын башындай» деген обондорду жаздым. Азыр да иштеп жатам.

- Калыйбек мырза, обончулук чыгармачылыгыңыздын өркүндөшүнө жол көрсөтүп кеп-кеңешин берген адам болду беле? Болсо ал ким эле?

- Мага жол көрсөткөн залкар композиторубуз Жумамүдүн Шералиев болду. Ал киши бир чети жердешим, бир чети агам эле. 5-класстан баштап эле Жумакемдин колунда өсүп калдым. Менин чыгармаларымдын башаты Нарын музыкалык драма театрында иштеген 1963-1968-жылдар деп эсептейм. Ал кезде театрда абдан күчтүү чыгармачыл топ иштечү. Алсак, Сагыйпа Чечебаева, Тамара Жумакаева, Зейнеп Эсеналиева, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Канымгүл Досмамбетова жана башка ушундай залкар шайырлардын казанында кайнап өстүм. Жумакем көркөм жетекчи болгондуктан, менден «бүгүн эмне жаздың, эртең эмне жазасың» деп талапту катуу койчу. Ошондуктан жанталашып иштеп, чыгармаларымдын сапатына көп көңүл бөлдүм.

- Калыйбек мырза! Сиздин угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк тапкан «Долон» аттуу обонуңуздун жазылышы жөнүндө айрым басма сөз беттеринде, угармандардын арасында ар кандай кеп-келечтер айтылып келет. Деги, айтылуу обонуңузду кандай шартта, кимге арнап чыгардыңыз эле?

- 1966-жылы Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» аттуу повестинин негизинде, «Кызыл жоолук жалжалым» деген оюнду даярдап коюп калдык. Повесттин өзүндө да, пьесада да «шоферлордун суроосу боюнча таңкы саат 5те «Долон» деген ыр берилет» деп жазылган. Ал кезде «СУ» деген жүк ташыган автоуналар тынбай Кытайга каттап турчу. Оюнду даярдап бүттүк. Бирок, обон жок. Ал кезде башкы режиссер болуп Бообек Ибраев иштечү. Ал Жумакем экөөбүздү чакырып алып, «оюнга «Долон» деген ыр керек, силер жазышыңар керек» деп тапшырма берди. Убакыт тар, күндүз сахна бошобойт. Театрдын фойесинде эски пианино бар эле. Кечинде келип аны ойноп, толгоно баштадым. Нечен жолу Долондун бийиктигин, кенендигин, сулуулугун, машинелердин баратканын көз алдыман чубатам. Аларды обонго кандай салыш керек? Сөздүн кыскасы - күн-түн дебей ары-бери толгонуп, изденип атып, бир жарым жумада жазып бүттүм. Жумакем сөзүн жазды. Көркөм кеңеш жакшы кабыл алды. Ырчы Сагыйпа Чечейбаева ырдап чыкты. Эл жакшы кабыл алды.

- Калыйбек мырза, ак дилден баардашканыңызга чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG