Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Кыргызстандын фирмалары Германияга туристтик жармаңкеге барышат


БИШКЕК. Ушул айдын 7синен 11ине чейин Германиянын Берлин шаарында өтө турган туристтик жармаңкеге Кыргызстандын 15 туристтик фирмасы катышат. Мындай кабар 3-мартта Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттен алынды. Ал маалыматка караганда, аталган комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков баштаган делегация жармаңкеде Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, дүйнөдөгү туристтик фирмалар менен келишимдерди түзгөнгө аракет кылат. Кыргызстанстандын делегациясы ага чейин Орусиянын «Турсиб» фирмасы Новосибирск шаарында 3-марттан баштап өткөрүп жаткан жармеңкеге да катышат.

XS
SM
MD
LG