Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Мыйзам чыгаруу жыйыны парламенттин жаңы регламентинин долбоорун карай баштады


БИШКЕК. 2-февралда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык түзүлгөн Жогорку Кеңештин регламентинин долбоору 3-мартта Мыйзам чыгаруу жыйынында карала баштады. Парламентарийлердин кароосуна коюлган долбоор Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев жана депутат Ишенбай Кадырбеков иштеп чыккан 3 долбоордун негизинде түзүлгөн. Дүйшөмбүдөгү талкууга төрага Алтай Бөрүбаев баш болгон Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттары катышты. Жаңы регламентке ылайык Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басары жана жети комитети болот. Маселени кароону депутаттар бейшемби күнү улантышат.

XS
SM
MD
LG