Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:25

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ТӨРТ КҮНДӨН БЕРИ АСКЕРДИК ООРУКАНАДА КАРМАЛУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов 28-февралда Бишкектеги Ленин райондук аскер комиссариаты тарабынан ооруканага жаткырылды. Бийлик өкүлдөрү Эдил Байсалов аскерде кызмат өтөй электигине байланыштуу медициналык текшерүүдөн өткөрүш үчүн жаткырылгандыгын айтышса, өлкөдөгү айрым саясий партиялардын өкүлдөрү анын саясий себептерден улам кармалып жаткандыгын жарыялашты.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов 28-февралда Бишкектеги Ленин райондук аскер комиссариаты тарабынан чакыртылып, медициналык текшерүүдөн өткөрүш үчүн аскердик ооруканага жаткырылган. Биринчи күнү эле Байсалов өзүнүн мыйзамсыз түрдө, күч менен ооруканага жаткырылгандыгын айтып, аны саясий себептер менен байланыштырган.

Э.Байсаловдун маалыматына караганда, ал 2003-жылдын 29-январында Коргоо министрлигиндеги аскердик комиссиядан медициналык текшерүүдөн өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында аскердик комиссия аны көз оорусуна байланыштуу «аскерде кызмат өтөөгө жараксыз» деп чечим чыгарган. Ушуга байланыштуу өлкөдөгү бир катар оппозициячыл партиялар Байсалов кармалгандан кийин билдирүү таратышты. Анда “бийлик Эдил Байсаловду 28-февралда эл аралык «Freedom Hous» уюму тарабынан уюштурулган тегерек стол жыйынында өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу тууралуу сөз сүйлөтпөш максатында кармагандыгы” маалымдалды. Эдил Байсалов «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде да өзүнүн кармалышын саясий себептер менен байланыштырды.

- Аткаруу бийлигинин мени төрт күн кармагандыгы жөнөкөй эле катардагы окуя эмес. Бул, албетте, саясат менен байланыштуу. Буга чейин мындай бир дагы окуя болгон эмес, - дейт Эдил Байсалов.

Ал эми Бишкектин Ленин райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы подполковник Данияр Асанов Эдил Байсаловдун ооруканага жаткырылгандыгынын себебин учурда аскерге чакырыла турган уландардын тизмесин тактоо иш-чарасы менен байланышта түшүндүрдү. Анын айтымында, Эдил Байсалов буга чейин өзүнүн кайсы жерде жашагандыгы тууралуу аскер комиссариатына кабар бербей, дайынсыз жүргөн. Ошондуктан аскер комиссариаты мыйзамга ылайык андай жарандарды чакыртып, медициналык текшерүүдөн мажбурлап өткөрүүгө укугу бар. Анын сөзүнө караганда, Эдил Байсаловдун буга чейинки аскерге жарамсыздыгы тууралуу медициналык справкасы аны аскерге кызмат кылуудан толук бошотуш үчүн жетишсиз.

- «Аскерге жараксыз» деген күбөлүк алыш үчүн ал адегенде Ленин райондук, андан соң республикалык аскер комиссариатынан медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Соңку чечимди кайрадан райондук комиссия кабыл алат. Райондук комиссия медициналык текшерүүнүн жыйынтыгын иликтеп, аскерде кызмат кылуудан толук бошотот же альтернативалык кызмат кылууга жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат, - деди Данияр Асанов.

Ал эми республикадагы айрым оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын жетекчилеринин пикири боюнча, Эдил Байсалов референдумдун мыйзамсыздыгы тууралуу өз оюн чечкиндүү айткандыгы үчүн аткаруу бийлиги тарабынан кысымга дуушар болууда. Маселен, бул тууралуу «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Кыргызстандын бийлик башчылары «Коалицияны жок кылыш керек» деген максатта ушундай аракеттерге барууда. Ал үчүн алар эң оболу Коалициянын жетекчиси Байсаловду бул коомдук уюмдун жетекчилигинен тезирээк четтетүүгө аракет кылып жатышат.

Т. Тургуналиевдин мындай пикирине «Арнамыс» партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиев буларды кошумчалады:

- Байсаловдун кармалышы түздөн-түз саясат менен байланыштуу. Анткени Байсалов референдумдагы мыйзам бузуулар боюнча өз пикирин ачык билдирген. Ошондуктан кыргыз бийлиги мындай өсүп келе жаткан жаш жигиттердин шагын сындырууну көздөп жатат.

Оппозициялык маанайдагы партия жетекчилеринин мындай пикирлерине президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков макул эмес. Анын айтымында, мындай аракеттерди саясат менен байланыштыруу туура эмес жана кимди качан аскерге чакыруу - райондук аскер комиссариатынын өз укугу.

- Аскердик комиссариат кимди, качан аскерге чакыраарын өзү билет. Менин оюмча жок жерден эле ушундай чуру-чуу көтөргөн туура эмес. Байсалов жакшы жашоону каалайт, ал эми Ата Мекенди коргоону каалабайт, - деди Болот Жанузаков.

Ошентип, учурда «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Бишкектин Аламүдүн районундагы аскердик ооруканада кармалууда. Анын качан бошотулаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG