Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

АРАПТАРДЫН АКААРАТЫ, КОҢШУЛАРДЫН ПЛАНДАРЫ


Бириккен Арап Эмираты ирак лидери Саддам Хусейнди бийлигин тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенге чакырды. Демилгени Кувейт менен Бахрейн колдоду. Бирок Арап мамлекеттер лигасына кирген өлкөлөрдүн лидерлери маселени ырасмий түрдө талкуулоодон баш тартышты. Аталган проблема ислам өлкөлөрүнүн Катарда өткөнү жаткан чукул жыйынында да каралбайт. Бул учурда арап дүйнөсүндө Саддамды ирак элинин чыккынчысы катары санагандардын саны алысындап өсө баштады.

Лиганын лидерлери жыйын соңунда кабыл алынган корутунду декларацияда Иракка каршы согуш ачылса, ал Перси булуңун эле эмес, жалпы арап дүйнөсүн бүлгүнгө саларын кайрадан белгилешти. Ал эми Багдадды ООНдун инспекторлору менен толук өлчөмдө кызматташууга чакырышты. Лиганын баш катчысы Амр Мусанын сунушу менен ортомчулар комиссиясы түзүлүп, ага бир эле учурда Кошмо Штаттары жана Ирак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү озуйпасы тапшырылды. Бирок Багдад арачылар делегациясын кабыл албай тургандыгын билдирди. Лиганын лидерлери президент Саддам Хусейнге өз ыктыяры менен бийликтен түшүп,сүргөнгө кетүүнү сунуш кылган Бириккен Арап Эмиратынын демилгесин жыйында ырасмий түрдө талкуулагандан баш тартышты. Мындай кадам, алардын пикири боюнча, эгемен өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнү билдирмек.

Лондондук эксперт Даниэл Ниип саммитке агылгалап байкоо салып турган эле. Анын баамында, арап өлкөлөрү жалпы регионго тиешеси бар маселелерде орток пикир тапканга ыкылас жасашты, бирок ар бири өз алдынча айрымалуу саясат жүргүзгөнгө умтула тургандыгын да көрсөтүштү. Ошол себептен алар Ирак проблемасында бир топ кыйын абалга туш келишти. Бир жагынан алардын бир даары Вашингтондун союздашы, бир нече өлкөдө америкалык аскер контингенти жайгашкан. Экинчи жактан арап дүйнөсүндө калктын маанайы кескин өзгөрө баштады. Мындан бир айдай мурдаарак эле араптардын көбү Саддам Хусейнге медилин салып карап келсе, эми аны ирак элинин шоруна бүткөн жетекчидей жекирип жатышат. “Саддамдын принципсиздиги көпчүлүктүн көңүлүн журт көчкөндөй калтырды”,-деп белгилейт сауд арапстанда чыгуучу Arab News гезити. Илгери Саддам өзүнүн сарайларын инспекторлорго көрсөткөнгө көгөрүп көнбөй келген эле. Эми болсо эптеп бийликте калуу үчүн баарын жасаганга, атүгүл өз үйүн ашканасына чейин ачып бергенге кайыл, деп көрсөтөт газета.

Арап мамлекеттер лигасынын лидерлери Египетке жыйынга чогулган күнү Каирде мисирликтер массалык демонстрация өткөрүшүп, ага Ирактын өкүлүн да чакырышты. Багдаддык дипломат митингге Ирактын желеги менен Саддамдын портретин ала келди. Демонстрацияны уюштургандар Ирактын желегин таберикке алышты, бирок Саддамдын сүрөтүнөн караманча баш тартышты. “Хусейндин режими - өтө жуйкур режим, - деп айтты митингде сөз сүйлөгөн мисирликтердин бири. – Кокус согуш башталса, Саддамдын бир тал чачы түшпөйт, бирок миңдеген бейжазык ирактыктар азар тартат”. Экинчи бир активист “жеке бийлиги үчүн өз элин кыргынга салганга кайыл турган президентти ирак калкынын башчысы эмес,чыккынчысы” деп атады.

Катардын борборунда ачылганы жаткан ислам конференциясы уюмунун чукул жыйынына да региондогу бир катар таасирдүү саясатчылар катышпай турган болушту. Атап айтканда, сауд арапстандык мураскер ханзаада Абдалла шаршемби күнкү саммиттен деле майнап чыкпай тургандыгын белгилеп, ага убактысын коротконду эп көргөн жок. Ирандын президенти Мохаммед Хатами болсо Катарга өзүнүн атайын өкүлүн гана жөнөтүүнү чечти.

Буга карабастан Катардагы жыйында,эксперттердин божомолдору боюнча, Иракка байланыштуу арап, жалпы эле мусулман дүйнөсүндөгү ырасмий пландардын айрым кырлары кылактап ачылып калышы мүмкүн. Айрым маалыматтарда Арап лигасы оккупацияланган Иракка жарнакташып көзөмөл кылууну Бириккен Улуттар Уюмуна сунуш кылганы жатканы айтылат. Ал эми айрым өлкөлөр, өзгөчө Бириккен Арап Эмираты президент Саддамдан кийинки “жаңы Иракка” байланыштуу өзүнчө план түзгөн дешет. Жең ичинен бычылган мындай долбоорлорду Ирактын коңшулары азырынча желин чыгарбай,жашырып турушат. Алардын көбү, арап гезиттери ырасташкандай, Ирактагы согушту токтотконго эми дээрлик мүмкүн болбой калгандыгын жакшы билишет.

XS
SM
MD
LG