Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын орун басары Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын орун басары Бертран Рамшаран 6-мартта Бишкекте Президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кездешти. Бул жолугушууларда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы адам укуктары жана эркиндиктери боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Бертран Рамшаран жума күнү Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын адам укуктары боюнча комитетинин төрайымы Оксана Малеваная жана бир катар министрликтердин жетекчилери менен жолугушаары күтүлөт. БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын орун басары Борбордук Азия мамлекеттерине аттанган эки апталык иш сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке 5-мартта кечинде келген. Ал жума күнү Казакстанга, андан кийин Өзбекстанга жана Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу шаршембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги Үйүнөн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG