Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Бишкекте Кыргызстан элинин курултайы өттү


БИШКЕК. 6-мартта Бишкекте Кыргызстан элинин курултайы өттү. Курултай «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылында: тынчтык жана туруктуулук» деп аталып, мекендин чыныгы патриотторунун, прогрессивдүү күчтөрүнүн башын бириктирүү максатын көздөдү. Ага аз улуттардан, жергиликтүү жамааттардан, бейөкмөт уюмдардан, саясий партиялардан жана мамлекеттик бийлик органдарынан чакырылган 640 кишинин 608 катышты. Курултайга келгендердин арасында оппозициялык маанайдагы саясатчылар болгон жок. Курултайда негизги докладды президент Аскар Акаев жасап, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн аныктаган башкы окуяларга токтолду. Президент алардын негизгилери катары «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына, Тоо саммитине, Тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүнө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган резолюцияларды атап, аларды Кыргызстанды даңазалаган чоң жетишкендик катары баалады. Курултай Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн жылында аткарыла турган иш-аракеттердин планын бекитти.
Курултайда «Агым» гезитинин башкы редактору, «Эл» партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов курамына оппозициячыл маанайдагы төрт саясий партия кирген Элдик конгресстин атынан Курултайдын катышуучуларын куттуктап сөз сүйлөдү. Мелис Эшимканов «өзүбүзгө өзүбүз оппозиция болбой, өлкөдөгү жардылыкка, коррупцияга жана эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшөлү» деген оюн ортого салды.
Бирок ушул эле күнү Элдик конгресстин курамындагы «Атамекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, конгресстин мүчөлөрү Мелис Эшимкановго Курултайда алардын атынан сөз сүйлөөгө укук беришкен эмес. Ушундан улам М. Эшимкановдун Курултайдагы сөзүн анын өз атынан сүйлөгөн сөзү катары гана баалаш керектигин Ө. Текебаев баса белгиледи. «Анткени Элдик конгресске кирген партиялар Курултайга катышпоо жөнүндө чечим кабыл алышкан», - деп кошумчалады Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG