Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Кыргызстандагы иш сапарын аяктады


БИШКЕК. Бишкекте иш сапары менен жүргөн Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын орун басары Бертранд Рамшаран бүгүн Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жана Жогорку Соттун төрайымы Нэля Бейшеналиева менен жолугушту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда Бертранд Рамшаран Кыргызстанда жүргөн конституциялык реформаны колдоо менен бирге, ага ылайыкталчу мыйзамдардын эл аралык нормаларга шайкеш кабыл алынышына тилектештигин билдирди. Иш сапарынын учурунда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча расмий өкүлү журналисттерге маалымат берген жок. Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкек кеңсесинен ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, Рамшаран бүгүн Алматыга сапар чекти. Адам укугун коргоо боюнча башкы комиссардын орун басары Бишкекке 5-мартта Борбордук Азиядагы иш сапарынын алкагында келип, өткөн эки күн ичинде Президент Аскар Акаев, Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жана бейөкмөт уюмдардын, парламенттин, министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG