Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Кыргыз-кытай геологдору Алай өрөөнүнөн иликтешет


Жакын арада кыргыз-кытай биргелешкен геология тармагынын адистери Ош облусунун Алай өрөөнүнөн мунай-газ кендерин иликтөө иштерин башташат. Мындай маакулдашуу эки өлкөнүн адистеринин Алай өрөөнүндөгү мунай кендерин иликтөөгө арналган илимий-практикалык конференциясында жетишилди. Конференция 28-февралдан 7-мартка чейин Кытайда өткөрүлдү. Бул тууралуу ишемби күнү Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинен кабарлашты. Аталган иш чара кытайлык «Sipones» деп аталган мунай иштетүү корпорациясы жана аталган корпорациянын алдындагы «Гуньи», «Шэнли» компанияларынын демилгеси менен уюштурулду. Конференцияга Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Ш.Мургазиев жетектеген делегация катышты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG