Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Нарын облусундагы кыргыз-түрк лицейин реконструкциялоого Голландиядагы түрктөр акча бөлдү


НАРЫН. 10-мартта облустук борбордогу Муратбек Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинен алынган маалымат боюнча, 1993-жылы уюшулган бул окуу жайына быйыл 10 жыл толот. Анда азыр 208 бала эл аралык талаптардын деңгээлинде окуп-тарбияланууда. Окуу жайы орун алган имарат мындан дээрлик 40 жыл илгери курулгандыктан жана окуу бөлмөлөрүнүн аздыгынан улам окуу-тарбия иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзүүгө шарт болбой келатат. Муну эске алган Голландиядагы түрк диаспорасы лицейге 200 миң доллар бөлүп берген. Анын эсебинен жакын арада оңдоо иштери башталат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG