Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы өз ишин баштады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XIV сессиясы өз ишин баштады. Анын күн тартибине 35 маселе киргизилди. Алардын арасында премьер-министр Николай Танаевдин, Жогорку Соттун төрайымы Неля Бейшеналиеванын, айыл жана суу чарба министри Александр Костюктун отчеттору бар. Бул күнү спикер Алтай Бөрүбаев палатанын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берип, депутаттар аны 41 добуш менен «канааттандырарлык» деп жактырышты. А. Бөрүбаевдин айтымында, палата өткөн жылы мыйзам чыгаруу, мамлекеттик бюджетти кабыл алуу, тышкы байланыштарды күчөтүү жаатында алгылыктуу иштерди жүргүздү. Муну палата депутаттарынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамды талкуулоого активдүү катышып, комитеттердин көчмө жыйындарын жер-жерлерде өткөрүшү далилдейт. Спикер, андан тышкары, депутаттар Аксы окуясын жөнгө салууда элдик дипломаттын милдетин аткарышканын өз отчетунда баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG