Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Укук коргоочунун өкмөт башчысына каршы доо арызын кароо улантылууда


БИШКЕК. 10-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароону улантты. Бул күнү Турсунбек Акун сотко премьер-министрдин былтыр 9-сентябрда өткөн пресс-конференциясынын толук стенограммасын алууну сунуш кылды. Ал эми премьер-министрдин адвокаты Николай Жучков мындан 8 жыл мурун Т. Акуновго каршы доо арыз берген Сардарбек Боталиев менен Жолдошбек Асановду сот жараянына катыштырууну сунуштады. Бирок судья эки тараптын тең сунушун кабыл албай, чечим алдында сөз сүйлөөгө каршылашкан тараптарды чакырды. Сот ишти кароону улантууда.
«Өкмөт башчысы 9-сентябрдагы маалымат жыйынында «Каерде Акунов пайда болсо - ал жерде башаламандык жана кан төгүү. Акунов чет мамлекеттерден алган акчасын актап жүрөт» деген сөзү менен адамдык ар-намысыма шек келтирди» деп Турсунбек Акун сотко кайрылып андан өз пайдасына 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG