Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Эл аралык уюмдун өкүлчүлүгү Ысыккөл облусундагы бардык аялдар менен иш алып бармак болду


КАРАКОЛ. Бириккен Улуттар Уюмунун «Гендердик өнүктүрүү» фондунун «Ишкер айымдарды колдоо» ассоциациясынын Ысыккөл облусундагы өкүлчүлүгү апрель айынан баштап облустун бардык райондору менен иш алып барат. «Ишкер айымдарды колдоо» ассоциациясынын облус боюнча юристтери Бекболсун Сыдыков менен Асел Калдыбаеванын айтымында, бул ассоциация өткөн жылдын август айынан бери Түп, Тоң жана Аксуу райондорундагы ишкер айымдар үчүн жер укугун колдоо боюнча программанын алкагында 100дөн ашуун акысыз юридикалык кеңеш берген. Жер боюнча талаш суроолорго жооп катары юридикалык документтер, келишимдердин үлгүлөрү көрсөтүлгөн китепчелер бекер таратылган.

XS
SM
MD
LG