Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Оппозициялык кыймылдын лидери Кыргызстандын элине жана президент А. Акаевге кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров бүгүн Кыргызстандын калкына жана президент А. Акаевге кайрылуу менен чыкты. Анда Кыргызстанда саясий туруктуулукту орнотуш үчүн адегенде 17-мартты аза күнү деп жарыялоо зарыл жана президенттин 17-мартта Боспиекте боло турган аза күтүү митингине катышуусу зарыл деп айталат. Аксы эли «былтыркы 17-18–мартагы кандуу окуяларга тиешеси бар» деп оппозиция эсептеген А.Карыпкуловду, Б.Жанузаковду, Т.Акматалиевди, О.Ибраимовду, К.Садиевди, К.Иманкуловду кызматтан кетирүү да саясий туруктуулуктун шарттары катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, саясий туруктуулукка жетиш үчүн Феликс Куловду камактан бошотуу, Үсөн Сыдыковдун шайлоого катышуусуна мүмкүндүк берүү жана эркин гезиттерди куугунтуктоону токтотуу керек экендиги айтылган. Кайрылууда ошондой эле Аксы окуясындагы киши өлтүрүү, уруп-сабоо фактылары боюнча тергөө иштерин 17-майга чейин бүткөрүү, коррупцияга каршы программа иштеп чыгуу жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча программанын аткарылышына парламентте баа берүү сунуш кылынган. Оппозициялык кыймылдын лидеринин мындай сунуштарына карата бийликтин көз карашы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG