Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

ОШ ШААРЫНА РЕСПУБЛИКАЛЫК МААНИДЕГИ СТАТУС БЕРИЛДИ


Кожогелди Култегин, Ош Учурда Ош шаарынын саясий макамы аныктала турган мыйзам долбоору даярдалууда. Президенттик жардык менен өлкөнүн экинчи борборуна айланган Ошту эми кандай келечек күтөт? Ош шаарынын акими Жантөрө Сатыбалдиев «Азаттыктын» кабарчысы менен маек курат.

- Жантөрө Жолдошевич, сиз жетектеген Ош шаарына «республикалык маанидеги шаар» статусу берилбедиби. Бул өзгөчө статусту Конституцияга жазып койгондо эле маселе толук чечилип кетпесе керек. Алдыдагы зарыл милдеттер кайсылар?

- Сиз айткандай, Конституцияда жазылганы менен эле бүт бардык милдеттер чечилип калбайт. Азыр, өзүңүзгө белгилүү, Ош шаарынын өзгөчө статусу боюнча мыйзам долбоору даярдалып бүттү. Ал министрликтер менен макулдашылып атат. Ушул жуманын аягына дейре Кудай буюрса бүтөт. Наркы жуманын башында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына барат. Ошол жерде кабыл алынса, бул биринчи этап болот. Андан кийин өкмөттүн токтому чыгат, Ош шаарына бийлик өкүлчүлүктөрүн түзүү боюнча, бийлик башкармалыктары боюнча. Экинчи кварталдын башында, май айларында Ош шаары өзүн өзү кадыресе башкарат деген оюм бар.

- Ош шаарынын өзгөчө статусун аныктаган мыйзам долбоору бүтүп калды деп атасыз. Мыйзам долбоорунда Ош түштүк борбор, же экинчи борбор катары белгиленип атабы?

- Эч кандай борбор шаары деген мыйзамда жок. «Бишкек, Ош шаарлары - республикалык маанидеги шаарлар» деген мыйзамдын тегерегинде иштеп атабыз. Ош шаарында президенттин Түштүк резиденциясы жана кээ бир министрликтердин штабдары жайгашат.

- Кайсы министрликтер, мекемелер жайгашаары эсептелгенби?

- Эсептелген эмес. Алардын биринчиси болуп президенттин резиденциясы бар. Экология жана чукул кырдаалдар министрлиги иштеп атат. Дагы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

- Статус алгандагы башкы артыкчылыктар кайсылар?

- Шаар өзүнүн бюджетин өзү түзөт. Аны шаардык кеңеш бекитет, анын аткарылышын сурайт. Мурун биз өзүбүздүн цифрабызды облуска берчүбүз. Облус республикага берет эле. Республикадан бизге кайра келчү. Бизде чогулган салыктардын көпчүлүк бөлүгүн облуска, анан республикага берчүбүз. Азыр Ош шаарынын өнүгүшү боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Тактап айтканда, жана айтылган мыйзамдын негизинде эми акциз салыгы, киреше салыгы, пайдаланып тапкан салыктын 35% бизге калат.

- Мыйзам кабыл алынгандан кийин Ош шаардык мэриясынын структурасы өзгөрүлүшү мүмкүнбү?

- Өзгөрүлбөйт. Азыркы структура менен эле иштейбиз. Бирок көп жагы бекилет, статусу чоңоет. Жанагы биз айтып аткан мыйзамда «айлыктарды облустук деңгээлде алат» деген жери бар. Азыр биз шаар, райондор болуп экинчи орунду алып турсак, ошол мыйзам ишке киргенден баштап биз айлыктарды облустук деңгээлде ала баштайбыз. Менин оюмча бул чоң мүмкүнчүлүк болот.

- Дагы бир суроо. Ош шаарынын өзгөчөлүк статусу боюнча мыйзам долбоору менен катар шаардын генералдык планын аныктоого айрыкча маани берилип жатканынын себеби эмнеде?

- Шаардын генералдык планын, шаардын чек арасын тезирээк тактасак, анын келечегин ойлонушубуз керек. Шаарда азыр жер жок. Чоң кабаттуу үйлөр менен өсүш керекпи же бир кабаттуу үйлөр мененби? Ошол боюнча азыр генплан түзүлүп атат. Генплан бүткөндө шаардын тургундарын, активдүү депутаттарды, шаардын мурунку жетекчилерин чакырып, алардын ойлорун угуп, аны ушу жылдын аягына дейре бекитип алсак деген оюм бар.

- Жантөрө Жолдошевич, сиз адистигиңиз боюнча жолчусуз. Сиз келгенден бери шаардагы жол куруу иштери ургаалдуу жүрүп жатат десек болот. Бирок төшөлгөн асфальт кайра эле аңтарылып, казуу иштери жүрүп, жолдордун быт-чыты чыгып атат го?

- Биринчиден, жолдорду биз куруп бүтө элекпиз. Былтыр башталган иштер, быйыл июнь айына дейре бүтөт деп турам. Мына 2000-жылы салынган жолдор боюнча ал жерде чоң маселе бар. Мурунку подрядчик өзүнүн мойнуна жүктөлгөн вазийпаларын так аткарган жок. Биз ошон үчүн айлык акчаларын берген жокпуз. Гарантияланган убактысы бүтө элек, сапат жагынан. Мен өзүм менен Бишкек-Ош жолунда кошо иштегендерден бир-экөөнү алып келип көзөмөлгө коюп атам. Менин оюмча бул өз жыйынтыгын бериши керек.

XS
SM
MD
LG