Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча резолюцияны колго салуу кийинки аптага калтырылышы мүмкүн


Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшердин билдиргенине караганда, добуш берүүнүн кийинкиге калтырылышы резолюция кабыл алынышына жардам берсе Вашингтон келерки аптага чейин күтүп,дипломатиялык аракеттер улантылышы мүмкүн. АКШ Иракка каршы согуш ачууга уруксат берген резолюцияны БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жетиштүү добуш ала албаса да колго салууга ниеттенүүдө. Мунун алдында Ирак Британиянын жаңы резолюцияга киргизүү үчүн берген кошумча сунуштарын четке каккан эле. Британия койгон шарттардын бирине ылайык, президент Саддам Хусейн телекөрсөтүү аркылуу жасаган жарыясында массалык кыргын салуучу куралдарды жашырып келгенин моюнга алып, эми андан баш тартаарын кепилдеши керек. Британ дипломаттарынын пикиринде, алар койгон жаңы алты шарттын аткарылышы менен Иракка каршы аскерий операцияны алдын алууга мүмкүн. Британиянын сунушун Франция да кабыл алган жок. Кытай жана Орусия аларды карап көрөрүн билдирди. Бирок, орус тышкы иштер министри Игорь Ивановдун айтымында, Орусия Иракка күч колдонууну караган резолюция колго салынса ага вето койот.
"Эгер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна Иракка каршы согуш ачууга түз же кыйыр түрдө жол ачкан резолюция коюлса Орусия каршы добуш берет"-деди И.Иванов бейшемби күнү Тажикстанда болгон учурунда.
Ал эми Германия Британиянын сунуштары БУУнун Коопсуздук Кеңешине мунаса алып келеринен күмөнсүнөт.

XS
SM
MD
LG