Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА КИРГИЗИЛГЕН ЖАҢЫ САЛЫКТЫН АРТЫ ЭМНЕ БОЛООРУ БЕЛГИСИЗ


Сапар Орозбаков, Бишкек Айыл чарба продукциясын сатууга кошумча нарк салыгын киргизүүгө каршы чыккандар көп болуп, анын тегерегинде көп чуу чыкканы менен, Эл өкүлдөр жыйынында ал колдоого ээ болду. Эми мунун арты кандай болот? Салыкка каршы чыккандар айткандай, айыл чарбасы талкаланып, баалар өсөбү? Же өкмөт менен Финансы министрлиги белгилегендей, ал экспортту көбөйтүп, өндүрүшкө жардам береби? Салык жөнүндө көп сөз болгон менен, бул суроолорго азыр деле так жооп жок.

Адатта «өкмөт депутаттарды бирден чакырып, колдоп бергиле деп кысым көрсөтүп жатыптыр, өз тагдырынан корккон депутаттар кол көтөрүп берүүгө аргасыз болушту» дешчү эле. Бу жолу антип айтууга негиз жок. Өкмөт депутаттар менен жабык эшик артында сүйлөшсө сүйлөшкөн чыгар. Бирок добуш берүүнүн өзү, өтө маанилүү чечим кабыл алынган учурлардагыдай, урна жана бюллетень менен жашыруун жүргүзүлдү. Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттары сессияда айткандай, тескерисинче «ушул мыйзамды өткөрбөй эле койгулачы» деп Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары чуркап жүрүштү. Бирок мыйзам 23 «макул»,17 «каршы» добуш менен өтүп кетти.

Финансы министрлиги адегенде Эл аралык Валюта Фондун оозанган эмес. Ал «салык айыл чарбасынын өзү үчүн керек, салык кирсе экспортко кошумча нарк салыгынын айырмасы төлөнүп, айыл чарба продукциясынын экспорту өсөт, аларды өндүрүүчүлөрдүн кирешеси артат» деп келген эле. Бирок ага эч ким ишенген эмес. Кийин ал «муну Эл аралык Валюта Фонду талап кылып жатат» дегенге өттү. Ал эми сессияда болсо Финансы министрлиги депутаттарды жарга такады.

- Эгерде мыйзам кабыл алынса, биринчи кезекте мамлекеттин тышкы карызын кечүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Бул негизги пайдасы. 22 млрд. сом кечилгени жатат. Биз ал акчаны социалдык проблемаларды чечүүгө пайдаланабыз, - деди Салык департаментинин директору Мурат Исмаилов.

«Кечирилген карыз эмгек акыны, пенсия менен жөлөк пулду көбөйтүүгө кетет» дегенге ишениш кыйын. Бирок карыз кечирилиши мүмкүн. Ал үчүн Эл аралык Валюта Фондунун айткандарын баарын эки кылбай аткарып туруу зарыл. Ал эми анын программасы болсо 3 жылга эсептелген чоң программа. Анда мындай талаптардын дагы бир далайы бар. Бирок эмне үчүн башкалар алып жеп-ичип койгон кредиттерди жалгыз эле айыл чарбасы төлөш керек? Болгондо да айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдүн баары эмес, ирилери гана? Теңчилик кайда? Эмне үчүн андан түшчү акчаны жер салыгына кошуп коюуга болбойт? Ири айыл чарба жетекчилери ушундай суроолорду коюп, көрүнгөн жерде чуркап жүрүшөт.

Жакында эле келип кеткен Эл аралык Валюта Фондунун миссиясы «бул салыктын айыл чарбасына кымындай да зыяны тийбейт» деп кетти.

- Ири товар өндүрүүчүлөр жөнүндө айта турган болсом, мен бүгүн алар менен жолугуштум. «Кошумча нарк салыгы - өндүрүүчүлөргө салынган салык» деп алар мага өз эсептерин көрсөтүштү. Мен аларга түшүнбөй койдум. Кошумча нарк салыгы - керектөөчүлөргө салынган салык. Ошондуктан алардын кирешеси азайбайт. Ал айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн арасында атаандаштыкты күчөтөт. Биз буга анчалык тынчсызданган жерибиз жок. Жаңыдан өнүгүп келе жаткан Кыргызстандын экономикасына атаандаштыктын пайдасынан башка зыяны жок, - деди кыргызстандыктарга өз киши болуп калган Тапио Саавалайнен 6-мартта миссиянын жыйынтыгы менен журналисттерди тааныштырып жатып.

Эл аралык Валюта Фондунун миссия жетекчисинин сөзүн кыргыздын жалпак тилине которсок, ал салыкты товар өндүрүүчүлөр эмес, жалпы эл төлөйт дегенди билдирет. Тапио Саавалайнен айыл чарба продукциясынын баасы өсөөрүн көптөн бери эле айтып жүрөт. Бирок бир гана «инфляция 5% ашпайт» дегенден тышкары, баа канчага өсөөрүн Эл аралык Валюта Фонду да, өкмөт да айтпай жатышат. Ошентип айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгын киргизүү эмне алып келээрин бир Кудай билбесе, азырынча эч ким билбейт.
XS
SM
MD
LG