Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Грузия президентинин жардамчысынын уулу барымтага алынды


14-март күнү кечинде Грузияда президент Эдуард Шеварднадзенин жардамчыларынын бири Бондо Жикиянын уулу барымтага алынды. 29 жаштагы Заза Жикияны уурдап кеткендер анын бошотулушу үчүн үч миллион доллар акы талап кылууда. Бондо Жикия - Өйдөкү Сванетия аймагындагы президенттин атайын өкүлү. Акыркы жылдарда Грузияда бай адамдардын туугандарын барымтага алып, алардан акча өндүрүп алуу жараяны өтө күчөп кетти.

XS
SM
MD
LG