Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Азор аралдарындагы кездешүүдөн майнап чыгабы?


АКШ президенти Жорж Буш, Британиянын премьер-министри Тони Блэр жана Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Мария Азнар Атлантика океанындагы Азор аралдарында жолугушту.
Үч лидер Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн көпчүлүгүнүн Иракка каршы күч пайдалануу жөнүндөгү резолюцияны колдоосуна жетишүүнүн жолдорун талкуулашкан. Мындай резолюцияны азырынча АКШ, Британия, Испаниядан башка Болгария гана колдоодо.
Хосе Мария Азнар саммит алдында Би-би-сиге берген интервьюда, ”жаңы резолюция саясый жактан өтө зарыл, лекин мыйзамый жактан анын кереги да жок” деп билдирген.
Президент Буш ишемби күнкү радиокайрылуусунда Ирак өз ыктыяры менен куралсызданарына үмүт аз деген пикирин айтты:
- Саддам Хусейн куралсызданат деп үмүт кылганга көп негиз жок. Аны күч менен куралсыздандыруу зарыл болсо, жеңишке жетүү үчүн биздин куралдуу күчтөрүбүзгө бардык мүмкүнчүлүк берилерин америкалыктар билиши абзел.
Франциянын тышкы иштер министрлигинин атайын билдирүүсүнө караганда, Иракка каршы күч колдонууга эч кандай юридикалык негиз жок.

XS
SM
MD
LG