Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Кыргыз өкмөтүнүн кыймылсыз мүлккө салык киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Мыйзам чыгаруу жыйыны кийинкиге калтырды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү шаарлардагы кыймылсыз мүлккө салык салууну караштырууда. Бул тууралуу шейшембиде Кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы, министр Төлөбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында өкмөт салыктын бул түрүн киргизүү менен бюджетке 60 млн. сомдун тегерегинде киреше алууну көздөп жатат. Шейшемби күнү премьер-министр Николай Танаев кыймылсыз мүлккө салык киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна жеке өзү келип койгонго аракет кылды. Бирок депутаттар мыйзам долбоору тийиштүү комитеттердин кароосунан өтө электигине байланыштуу аны кароодон баш тартышып, «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкууну улантышты.

XS
SM
MD
LG